KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

“Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйамдары: сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча чаралар”

02 декабря 2019

Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйамдары: сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча чаралар” боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлүп жатат.


Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору- Э.Т. Байтикова, Кыргыз Республикасындагы Франциянын Посолу-ЕП Микаель Ру, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү–2-фаза” Программасынын эксперти-Радость Тофтисова-Матерон чыгышты.


Тренингдин максаты коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамды колдонуу чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу, Франциялык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу, Европа өлкөлөрүндөгү бийлик башчыларынын коррупция менен күрөшүү боюнча тажрыйбаларын үйрөнүү. Тренингдин катышуучулары коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык укуктук инструментарийлер менен таанышышат.


Аталган тренингде тренерлер катары  Ысык-Көл облустук сотунун судьясы  — А. М. Омуралиева,  Версаль апелляциялык сотунун башкы прокуратурасынын прокурору, отставкадагы судья — Марк Бриссе-Фуко чыгышат.


Тренингдин аягында сертификаттар тапшырылат.