Бүгүн, 4-декабрда Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү – 2 –фаза” Программасынын жардамы менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү. Тренингдин максаты Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлеринин ишкердик коммуникация көндөмдөрүн өркүндөтүү.
Аталган тренингде иштиктүү баарлашуунун түрлөрү, ишкердик кат алышуудагы укуктук жөнгө салуулар, ошондой эле практикалык тапшырмалар жана топтордо иштөө каралды.
Тренер катары п.и.к., риторика, орус жана кыргыз тилдери боюнча окутуучу — А.И. Сарыгулова чыкты.
Тренингдин аягында сертификаттар тапшырылды.