Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облустук сотунда жана Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунда жергилктүү соттордун судьялары үчүн“Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаштарды кароонун өзгөчөлүгү”, ошондой эле “Пробациялык көзөмөл. КРнын Жазык кодекси боюнча жаза дайындоо” деген темаларда эки күндүк семинар башталды.
Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору – Байтикова Э.Т. жана директордун орун басары – Алымбекова Г.Т. чыгышты.
Тренерлер катары жогорудагы маселелер боюнча 12-13-мартта тренерлер үчүн тренингден (ТоТ)өткөн тийешелүү облустардагы жергиликтүү соттордун судьялары чыгышат.
Цивилисттер окуй турган модулдун максаты катышуучулар менен бирге талашка түшкөн бүтүмдөрдөн келип чыккан доонун ар кандай түрлөрүн, талашып алуучу бүтүм менен арзыбаган бүтүмдүн ортосундагы айрыманы, аталган талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрүн анализдөө болуп саналат.
Криминалисттер окуй турган модулдун максаты жаза институтунун негизги жоболорун, жазык мыйзамы боюнча жазалар системасын, жазалардын айрым түрлөрүн дайындоо, ошондой эле жазаларды аткаруу боюнча жоболорду кароо болуп саналат.
Ушуга окшогон семинарлар Ош, Баткен жана Нарын облустарынын жергиликтүү судьялары үчүн 19-20-мартта Ош жана Нарын облустук сотунда өткөрүлөт.