Бүгүн, 18-ноябрда Сот тутумунун пландоо-чарбачылык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин бухгалтердик эсепке жана бул багыттагы мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө окутуу боюнча онлайн-семинар жүрүп жатат.
Аталган семинарда лекторлор катары ЮСАИД/ИДЛО Программасынын эксперти – Касымов К.К., CIPA, «Аудит плюс» компаниясынын директору, аудитор, салык консультанты — Ускенбаева Г.Т., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин экс-директору — Озумбеков У.Д. чыгышат.
Бул онлайн-семинардын максаты сот тутумунда бухгалтердик эсепке алуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү өркүндөтүү болуп саналат.
Окутуу Microsoft Teams платформасы аркылуу өткөрүлөт.
Онлайн-семинардын аягында жыйынтык чыгарылат жана угуучуларга сертификаттар жөнөтүлөт.