Бүгүн, 13-ноябрда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залдарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бир күндүк онлайн-семинарлар өз ишин баштады.
- Соттук психология. Коммуникативдүү ыкмалар. Судьялардын стресске туруктуулугу”
Бул онлайн-семинарда лектор катары ИИМнин Академиясынын кафедрасынын профессору — Токомбаева А.Т. чыгат.
Аталган онлайн-семинардын максаты судьялык кызмат орунга дайындалгандан кийинки психологиялык кыйынчылыктар, кесиптик деформация, судьянын соттук процессти башкаруусу, жазык жана жарандык сот өндүрүшүндөгү соттук-психологиялык экспертиза, судьялардын кесиптик ишинин өзгөчөлүктөрүн кароо болуп саналат.
- “Сот ишиндеги медиация техникасы. Жарандык процесстеги медиация”
Бул онлайн-семинарда лектор катары “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин мүчөсү, медиация боюнча тренер — Курманова Э.М. чыгат.
Аталган онлайн-семинардын максаты талаш-тартыштын, соттук процесстин тараптарынын медиа жөндөмдүүлүгүн аныктоо, сот жараяны менен талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасынын айырмачылыктары жөнүндө айтып берүү, медиациянын принциптерин атоо, медиациянын негизги ыкмаларын атоо жана аларды колдонуу көндүмдөрүн колдонуу болуп саналат.
Окутуу Microsoft Teams пратформасы аркылуу өткөрүлүүдө.
Онлайн-семинарлардын аягында жыйынтык чыгарылып, сертификаттар жиберилет.