KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Биринчи инстанцияда соттун АМС» пайдалануу, биринчи инстанциядагы сотторду жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

31 июля 2019

Бүгүн, 31-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы . “Адилет сот” маалыматтык технологиялар боюнча  мекемеси менен Бишкек шаары Москва көчөсү 201, жайгашкан Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында Биринчи инстанцияда соттун АМС» пайдалануу, биринчи инстанциядагы сотторду жана сот аппаратынын кызматкерлерин  окутуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.


Аталган документке кол коюу “Биринчи инстанциядагы соттун АМС» пайдалануу биринчи инстанциядагы сотторду жана сот аппаратынын кызматкерлерин  окутуу боюнча комплекстүү иш-чараларды натыйжалуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.


Аталган Меморандумга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары — Алымбекова Галия Темирхановна, Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчисинин орун басары — Виктор Кесслер,  Сот департаментинин алдындагы . “Адилет сот” маалымат технологиялар боюнча  мекемесинин Башкармасы — Юрьев Александр Александрович кол коюшту.


Меморандумга кол коюу салтанатына Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилери, кызматкерлери, Кыргыз Республикасында Укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюмунун (IDLO)Филиалынын директору — Уильям Альфред Хьюстон, “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү – 2 – Фаза” Европа биримдигинин долбоорунун жетекчиси жана эксперти Кристоф Копецки жана башкалар  катышышты.


2019-жылдын 31-июлуна чейин 253 (судьялык үчтүк) судья, судьянын жардачысы жана сот отурумунун катчысы окулду. Түндүк аймак боюнча 36 “судьялык үчтүк” жана Ош, Баткен облустары боюнча 16 “судьялык үчтүк” үчүн окутуулар 2019-жылдын 1-августунда башталып, 15-августунда аяктайт.


Жалал-Абад облусу боюнча 35 “судьялык үчтүктү” окутуу 2019-жылдын 5-августунда башталып, 24-августунда аяктайт.