Бүгүн, 2019-жылдын 17- октябрында Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары, адвокаттар жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн административдик процесс жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлүп жатат.
Тренинг үч блоктон турат: “Административдик укуктун негизги түшүнүктөрү”, “Сотко чейинки даттануу”, “Административдик актыларды соттук текшерүү” .
Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору – Байтикова Э.Т., Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу адвокаттардын Окуу борборунун директору — Орозакунова А.Ж., “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү -2-фаза” Программасынын жетекчисинин орун басары — Виктор Кесслер сүйлөштү.
Тренингде тренер катары эл аралык эксперт, Берлин шаарынын административдик сотунун (отставкадагы) төрагалык кылуучу судьясы — Вебер Йоханн, Бишкек шаардык сотунун судьясы — Рыбалкина А.Д., Бишкек шаардык райондор аралык соттун экономикалык иштер боюнча судьясы – Досмамбетова Ч.М. чыгышат.
Аталган тренинг Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга бекитилген Окуу планын ишке ашыруу максатында, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү” GIZ программасынын колдоосу менен уюштурулду.
Тренингдин жыйынтыгында угуучуларга сертификаттар тапшырылат.