KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

КРнын Жогоку сотуна караштуу Сот департаментинин сот сакчылары кызматынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча комплекстүү окутуу программасы өткөрүлүп жатат

18 декабря 2019

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарындагы “Тур-Азия” мейманканасынын конференц-залында Сот департаментинин сот сакчылары кызматынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча комплекстүү окутуу программасы өткөрүлүп жатат.


Комплекстүү окутуу программасында: Сот түзүлүшү,Сот тутуму,САКБнын ишинин ченемдик –укуктук базасы, САКБнын укуктук статусу, Сот сакчылырынын соттордун жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдары менен, сот аткаруучулар менен өз ара аракеттенүү тартиби, Сот адилеттигинин жогорку мектеби сакчыларынын ишиндеги чыр-чатактар, Сот сакчыларынын ишинде массалык баш аламандыктардын жана сүрмө топтун психологиясын эсепке алуу” деген темаларды окушат.


Лекторлор катары отставкадагы судья, КРнын эмгек сиңирген юристи – Л.В.Гутниченко,  КРнын ИИМдин Академиясынын педагогика жана психология кафедрасынын профессору – А.Т. Токомбаева, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын «Сестринское дело» кафедрасынын ассистенти – Е.М. Акимбаев, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары — И.М. Айтбаева, Д.А. Мулюкбаева , Г.С.Дуйшенбекова, Г.И. Борончиева, Н.Ш. Сальпиевалар чыгышат.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча (IDLO) Эл аралык уюмдун  жардамы менен өткөрүлүүдө


Окутуунун аягында сертификаттар тапшырылат.