KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

“Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” деген темада онлайн семинар өтүп жатат

06 ноября 2020

Бүгүн, 6-ноябрда Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча бир күндүк онлайн семинар өз ишин баштады. Аталган онлайн-семинардын  угучуулары болуп Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьялары саналат.


 


Онлайн-семинарда лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу —  Дуйшенбекова Г.С. чыгат.


 


Аталган онлайн-семинардын максаты баңги заттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз өндүрүү, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү менен байланышкан кылмыштар боюнча соттордун иштерди чечүү тажрыйбасын өркүндөтүү жана бирдиктүү сот практикасын орнотууга көмөктөшүү болуп саналат.


 


Окутуу Microsoft Teams платформасы аркылуу өткөрүлөт.


Онлайн-семинардын аягында угуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүлөт жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар жөнөтүлөт.