Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Соттор тарабынан үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды кароо» деген темада бир күндүк семинар өтүп жатат.
Бул семинардын лектору Айтбаева И.М. — Жогорку Адилет мектебинин окутуучусу.
Семинардын максаты:
- үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды классификациялоо;
- үй-бүлөлүк чыр-чатактардын ар бир түрүнө мүнөздүү белгилерге байланыштуу: (нике абалы менен; жубайлардын, ата-энелер менен балдардын ортосундагы алимент милдеттенмелери менен; балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилелер)
- үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды кароо үчүн сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын предметтик курамын аныктоо;
- белгиленген өлчөмдө алимент өндүрүүдөн үлүш шарттарында алимент өндүрүп алуунун айырмачылыктары жөнүндө айтып берүү;
- белгиленген өлчөмдө алименттик милдеттенмелердин түрлөрүн атоого;
- алименттин өлчөмүн өзгөртүүнүн негизги шарттарын атоо;
- СКнын 86 жана 124-статьяларына ылайык жыйналган алименттин өлчөмүнүн өзгөрүүсүнүн (азайышынын же көбөйүшүнүн) ортосундагы айырмачылыктарды сүрөттөө;
- соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама чыгара билүү;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катышуусундагы үй-бүлөлүк мамилелерге үй-бүлөлүк укуктун колдонулушун түшүндүрүп берүү;
- каралып жаткан иштерге үй-бүлөлүк укук мамилелеринен келип чыккан иштерди кароо көндүмдөрүн колдонууга;
Бул семинар GIZдин «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүктү алга жылдыруу» долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.
Семинардын аягында угуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, сертификаттары тапшырылат.