Бүгүн, 14-апрелде, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында «Жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарды кароонун өзгөчөлүктөрү» деген темада Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бир күндүк семинар өтүп жатат.
Бул семинардын лектору Давлетбаева М.А. — Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучусу.
Бул семинардын максаты — жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарды кароонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү.
- жубайлардын жалпы менчигинин режимин аныктоо;
- жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү боюнча доо арыздарын даярдоого жана берүүгө талаптар;
- жубайлардын жалпы биргелешкен менчиги болуп саналган мүлктөрдүн тизмеси;
- ушул категориядагы иштер үчүн маанилүү болгон жагдайларды далилдөө өзгөчөлүктөрү;
- жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүү боюнча сот чечимдерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү;
Бул семинар GIZдин «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүктү алга жылдыруу» долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.
Семинардын аягында угуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылат.