KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Төмөнкү темада семинар өтүп жатат“Соттук психология. Коммуникативдүү көндүмдөрү. Соттордун стресстик каршылыгы "

21 апреля 2021

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Сот адилеттиги мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бир күндүк семинар өз ишин баштады.


 


Бул семинардын окутуучусу: Токомбаева А.Т. — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын кафедрасынын профессору.


 


Бул семинардын максаты — судьянын кесиптик ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн, судьялык кызматка дайындалгандан кийинки психологиялык кыйынчылыктарды, кесиптик деформацияны, судьяны, соттук отурумду башкарууну, жазык жана жарандык процесстеги соттук-психологиялык экспертизаны карап чыгуу.


Кесиптик коммуникативдик көндүмдөр, стресстин шарттары, судьялардын кесиптик ишине терс таасирин тийгизүүчү стресс факторлору, баарлашуу процессиндеги эмоционалдык абалды башкаруу, стресстик туруктуулук жана стресстен чыгуу жолдору.


Бул семинар “Кыргыз Республикасында укуктун улуктугу — 2-фаза” программасынын колдоосу менен уюштурулган.


Семинардын аягында угуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылат