11-12-февралда Ош шаарында жана 13-14-фералда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулган жергиликтүү сотторунун 40 судьясы үчүн эки күндүк Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу көйгөйлөрү темасында семинар өз ишин баштады.
Ош шаарында өткөрүлгөн семинарда улуттук тренер катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергенов А.Н., Бишкек шаарындагы семинарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Базаралиева А.М., отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Гутниченко Л.В., отставкадагы судья Давлетбаева М.К., Эл аралык тренер катары – Томас Херманн, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ программасынын эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы чыгышты.
Семинар 2017-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин колдонуу жана колдонуудагы көйгөйлүү маселелерин табуу боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимдерин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Семинар 2019-жылдын Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу планына ылайык жогоруда аталган Программанын техникалык колдоосу менен уюштурулду.