KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Иштерди электрондук каттоо жана электрондук эсепке алуу-статистикалык картаны (АИС) түзүү маселелери боюнча соттордун аппарат кызматчылары үчүн тренинг өтүүдө

04 декабря 2018

3-декабрда, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ ) компьютердик  классында иштерди электрондук каттоо жана  электрондук эсепке алуу-статистикалык картаны (АИС) түзүү маселелери боюнча соттордун аппарат кызматчылары үчүн үч күндүк тренинг өз ишин баштады.


Тренерлер катары 2018-жылдын 11-ноябрынан баштап 14-ноябрына  чейинки мезгилде тренерлер үчүн тренингден (ТоТ) өткөн трненерлер чыгышат:  Ажибраимов Эльдар – Бишкек ш. район аралык соттун адиси,  Жолдошов Улугбек – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын жардамчысы, Абдурасулова Наргиза – Свердлов райондук сотунун  улук катчысы, Усенова Гульбара — Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун улук катчысы.


Иштерди электрондук каттоо жана  электрондук эсепке алуу-статистикалык карта — сот органдарынын автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасы (АИС) сот системасынын процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу аркылуу соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система сотко арыз түшкөн  учурдан баштап  «электрондук ишти» түзүүнү карайт, ага иштин баардык материалдары, соттук отурумдун  процесстик документтери жана иш боюнча кабыл алынган соттук актылар кирет. Жакынкы 5 жылдын ичинде  республиканын баардык сотторунда АИСти киргизүү пландалууда.


Ушундай эле тренингдер Бишкек жана Ош шаарларында 2018-жылдын 5-декабрынан 21-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү график боюнча өтөт:


1) Ош шаарында: 6-8- декабрь;


2)Бишкек шаарында: 5-7,12-14,19-21-декабрларда.


Иш чара “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн  бекемдөөгө көмөктөшүү” Европа биримдиги долбоорунун  көмөктөшүүсү менен 2018-жылдын Окуу планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулду.