KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби 12 тренерине «Адамдарды сатууга байланышкан кылмыштардын сотто каралуусу» деген темада тренингди аяктады

30 января 2019

2019-жылдын 18-19-январында «Бурана» отелинин конференц-залында БУУнун Борбордук Азия мамлекеттери үчүн баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Аймактык Башкармалыгынын жазык иши боюнча сот акыйкаттыгы Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебининин 12 тренерине «Адамдарды сатууга байланышкан кылмыштардын сотто каралуусу» деген темада 2 күндүк тренинг болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин тренерлери болуп, адамдарды сатуу боюнча кылмыш иштерин кароодо иш тажрыйбасы бар республиканын бардык аймактарындагы райондук жана облустук соттордун судьялары тренер болушат. Аталган иш-чара катышуучуларга жаңы жазык мыйзамдарын, эл аралык-укуктук документтер жөнүндө, адамдарды сатууда  жазыктык куугунтуктоону жөнгө салуучу маселелер боюнча,  мындай иштерди соттор тарабынан кароо өзгөчөлүктөрү жөнүндө кабардар болуусуна багытталган. Тренерлер үчүн тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьясы Жаңыл Мамбеталы, Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы Гилязетдинова И. сүйлөштү.


Тренинг “Аял-судьяларынын кыргыз Ассоциациясы” Коомдук бирикмеси тарабынан, БУУнун Борбордук Азия мамлекеттери үчүн баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Аймактык Башкармалыгынын техникалык  колдоосу менен даярдалган адамдарды сатуу менен байланышкан  изилдөөнүн жыйынтыктары,  мындай категориядагы иштерди карап чыгуу боюнча  сот практикасынын иштери боюнча түзүлгөн методикалык окуу куралы боюнча өткөрүлдү.


Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан “Аял-судьяларынын кыргыз Ассоциациясы”   Коомдук бирикмеси менен бирдикте  уюштурулду.