KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

“Жазык процессиндеги атаандаштык” деген темада тренинг өтүп жатат

27 ноября 2019

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын судьялары, прокурорлору жана адвокаттары үчүн “Жазык процессиндеги атаандаштык” деген темада үч күндүк тренинг өткөрүлүп жатат. Аталган иш-чара  Ош шаарындагы “Орто Азия” отелинин конференц –залында өткөрүлүүдө.


Иш-чараны ачууга   Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору – Г.К. Давлетбаева,   Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын Окуу борборунун директору – А.Ж.Орозакунова катышышты.


Аталган тренингдин максаты жазык иштери боюнча далилдерди жана өтүнүчтөрдү  талдоо  тажрыйбаларын жогорулатуу,  сот процессинде көзөмөл өндүрүшүн тариздөө жана пайдалануу,  жазык иши боюнча  далилдөөнүн айрым каражаттарын пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын жаңы жазык жана жазык процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык апелляциялык жана кассациялык сунуштарды дайындоо көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.


 


Улуттук тренерлер катары Бишкек шаардык сотунун судьясы – И.Н. Воронцова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мамлекетик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк боюнча башкармалыгынын улук прокурору — А.Ш. Шукурбеков, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу — Г.С. Дуйшенбекова чыгышат.


Тренинг Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2 -фаза» Долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.


Тренингдин аягында иштин жыйынтыгы чыгарылат жана сертификаттар тапшырылат.