KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн “Ак ниет сатып алуучунун институтун колдонуу практикасы”, “Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү талаштын сотто каралышы” жана “Жарандык сот өндүрүшүндөгү медиация” деген темаларда үч күндүк семинар өтүп жатат

11 июля 2019

Бүгүн, 10-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Ак ниет сатып алуучунун институтун колдонуу практикасы”, “Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү талаштын сотто каралышы” жана “Жарандык сот өндүрүшүндөгү медиация” деген темаларда үч күндүк семинар өз ишин баштады.


Улуттук лекторлор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы — Мельникова Маргарита Павловна, отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи — Гутниченко Лариса Викторовна, медиаторлорду даярдоо боюнча тренер,  “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси Башкармалыгынын төрайымы — Кожоярова Гульсина Жолдошбековна чыгышат.


Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү” GIZ Программасынын  эл аралык эксперти, (Германия) Ганновердин Төмөнкү Саксониянын округдук сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы -Томас Херманн акниет сатып алуучунун институттун колдонуу боюнча Германиянын  тажрыйбасы менен бөлүшөт.


Окутуу программасына ылайык иш-чаранын катышуучулары мүлктү ак ниет сатып алуу, аталган институттун иш жүзүндө колдонулушу, бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү талаш-тартыштын сотто каралышы, талашка түшкөн бүтүмдөрдөн келип чыккан доо арыздардын түрлөрү жана  өзгөчөлүктөрү, сотто медиация институтун колдонуу ж.б.у.с.  жөнүндө негизги маселелер менен таанышышат. Мындан сырткары, практикалык кырдаалдардагы маанилүү маселелер кеңири каралып, чакан группалар менен практикалык тапшырмаларды аткарышат.


Семинардын аягында жыйынтык чыгарылып, сертификаттар тапшырылат.