KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

“Заманбап чакыруулар жана медиациянын өнүгүү келечеги: институционалдык чечимдер жана практика” аталышта жарандык сот түзүлүшүнө медиацияны киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасында медиаторлордун республикалык коомдоштугунун биринчи эл аралык конференциясы өтүүдө

07 декабря 2018

Бүгүн, 6 – декабрда «Жаннат Ридженси» мейманканасынын конферен-залында “Заманбап чакыруулар жана медиациянын өнүгүү келечеги: институционалдык чечимдер жана практика”  аталышта жарандык сот түзүлүшүнө  медиацияны киргизүү маселелери боюнча эки күндүк эл аралык конференция өтүүдө.


Конференцияда саламдашуу сөздөрү менен: Кодуранова Асель Союзбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин вице-спикери, Исабаев Санжар Мамадиярович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Есеналиев Максатбек Кульчороевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Алиона НикулитаКыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн м.а., Мадалиев Рустам Каримович – Кыргыстанда “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» программасынын улуттук координатору,  Молдошева Динара Автандиловна –  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы  (Кыргызпатент).


Кыргыз Республикасында медиаторлордун республикалык коомдоштугунун биринчи эл аралык конференциясынын максаты сот тутумунун, укук коргоо органдарынын, адвокаттар коомчулугунун  өкүлдөрү менен талаш тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү механизми катары  медиациянын  ээлеген ордун жана ролунун жалпы түшүнүгүн иштеп чыгуу үчүн  диалогду өнүктүрүү болуп  саналат.


Конференциянын ишине эл аралык эксперттер, сот тутумунун, мамлекеттик органдардын,  эл аралык уюмдардын,  жарандык коомчулуктун, академиялык коомдоштугунун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын  медиаторлору катышышат.


тажрыйба менен алмашуунун алкагында эл аралык эксперттер-медиаторлор чыгышты: Загайнова С.К. –юридикалык илимдердин доктору, Урал мамлекеттик юридикалык университеттин Медиация борборунун директору,   УрГЮА  жарандык процесс кафедрасынын профессору, Россия Федерациясынын Жогорку сотуна караштуу Илимий-консультативдик  кеңешинин мүчөсү, Манфред Штендер – отставкадагы Берлин ш. административдик сотунун төрагалык кылуучу судьясы, Кайвиса Эрвасти – юридикалык илимдердин доктору, Хельсинки ш.изилдөөлөр боюнча директору, Иветы Дарзнице – Рига ш. Мамлекеттик пробация кызматынын  жазык медиация боюнча  иштердин координатору, Иномова Абубакира – Таджикистан Республикасынын Юстиция министрлигинин  жарандык, экономикалык жана социалдык  мыйзамдар башкармалыгынын  начальниги, Чинара Дэвис – асырап алуудан кийин колдоо кызматынын жетектөөчү социалдык кызматкери,Улуу Британиянын асыроо боюнча  Түндүк-Батыш региондук агенттиги, качкын-балдарды коргоо маселелери боюнча эксперт,    Жандильда Жакупов – “Казакстан медиаторлор ассоциациясы” ЮЖК башкы директору, Маалыматташтыруу эл аралык академиясынын академиги, Фозильжон Отахонов – Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Бейтарап (Третейский) соттун төрагасы, Артур Троссен – Альтенкирхем райондук сотунун отставкадагы судьясы, интеграцияланган медиациянын  эл аралык  ассоциациясынын  президенти, ж.б., Он-лайн режиминде Билл Марш – медиация боюнча тренер чыгып сүйлөдү.


Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын  медиацияны мыйзамдык  жөнгө салуу тажрыйбасы  жана практикасы менен, Кыргыз Республикасынын медиаторлордун республикалык коомдоштугунун институционалдык калыптанышынын актуалдуу көйгөйлөрү жана жетишкендиктри менен, ошондой эле медиаторлордун кесиптик ишин жөнгө салуу мыйзамдары боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышышат.


Конференциянын экинчи күнү катышуучулар  интеграцияланган медиация, балдардын катышуусу менен медиация, жазык медиациянын  маселелери боюнча  ой пикирлери менен  алмашуусун плантышты.ошондой эле  эл аралык эксперттер-медиаторлор мастер-класстарды көрсөтүштү.  Мындай масштабдуу иш-чарадан кийин  жергиликтүү медиаторлор  алган тажрыйбасы менен медиация институтун өнүктүрүүсү күтүлүүдө.


Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби  “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси менен  биргеликте, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун, Улуу Бринтания  Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун  техникалык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.