KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

“Шайлоо талаш-тартыштары жана аларды чечүү. Жаңы мыйзамдарга ылайык жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун соттук кепилдиктери” деген темада тегерек стол өткөрүлүп жатат

29 сентября 2020

 


Бүгүн, 29-сентябрда Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында “Шайлоо талаш-тартыштары жана аларды чечүү. Жаңы мыйзамдарга ылайык жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун соттук кепилдиктери” деген темада тегерек стол өткөрүлүп жатат.


Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик коллегиясынын судьялары, ошондой эле Бишкек шаардык административдик сотунун судьялары катышышат.


Аталган иш-чарада шайлоо талаштарын чечүү маселелери жана соттор тарабынан шайлоо талаштарын кароонун жол-жоболук өзгөчөлүктөрү талкууланат. Тегерек столдун катышуучулары шайлоо маселелери боюнча талкуу жүргүзүшүп, тажрыйба алмашышат.


Иш-чаранын аягында тегерек столдун жыйынтыгы чыгарылат.