Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн “Соттук психология., Коммуникативдүү ыкмалар, Судьялардын стресске туруктуулугу” деген темадагы бир күндүк семинар өтүп жатат.
Аталган семинарда лектор катары ИИМнин Академиясынын профессору – А.Т.Токомбаева чыгат.
Семинардын максаты судьялык кызматка дайындалгандан кийинки психологиялык кыйынчылыктар, судьянын соттук процессти башкаруусу, жазык жана жарандык сот өндүрүшүндө соттук-психологиялык экспертиза, судьянын кесиптик ишинин өзгөчөлүктөрүн кароо болуп саналат. Ошондой эле, судьянын кесиптик коммуникативдүү ыкмаларын, сапатын үйрөнүү. Судьялардын кесиптик ишине терс таасир этүүчү стресстик абалды, стресс-факторлорду, стресске туруктуулук жана стресстен арылуунун ыкмаларын кароо.
Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.