KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү боюнча пилоттук тренингдер өткөрүлүүдө

13 мая 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2019-жылдын 13-майынан 17-майына чейин Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондук соттору, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондук соттору, Ош шаардык соту жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун “үч” судьясынан, судьянын жардамчыларынан жана сот отурумунун катчыларынан турган алты группа үчүн соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү маселеси боюнча  пилоттук тренингдери өткөрүүдө.


Пилоттук тренингдер үч компютердик залда: Сот адилеттигинин жогорку мектебинде, А.Токтоналиев атындагы Бишкек каржы-экономикалык техникумунда жана Ош мамлекеттик университетинде параллель өткөрүлөт.


Тренерлер катары 2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейинки аралыкта аталган маселе боюнча тренерлер үчүн тренингден (ТоТ) өткөн жергиликтүү соттун судьялары  Узакбаев А.Н., Сабырова Ж.Ж., Сарыбаев Б.А. жана сот тутумунун кызматкерлери чыгышат.


Белгилүү болгондой,  «Соттордун АМТ» — бул биринчи инстанциядан баштап жергиликтүү соттордо сот өндүрүшүнүн баардык түрлөрүн соттук иштерди башкаруу үчүн борборлоштурулган электрондук тутум, ал сот өндүрүшүнүн баардык стадияларында соттук иштерди аныктоо мүмкүнчүлүгү гана эмес, соттордун кызматкерлери, колдонуучу үчүн ыңгайлуу шартта соттук териштирүүнүн  тараптары жана иштери жөнүндө  жалпы маалыматка  жетүүгө  шарт түзөт, ошондой эле автоматтык түрдө иштерди бөлүштүрүү жана  статистика үчүн зарыл болгон отчетторду иштеп чыгат.  Тренинг Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга карата Окуу планына ылайык Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы жана Кыргыз Республикасында Укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюму (IDLO) менен бирдикте уюштурулду.