Бүгүн, 21-октябрда Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн “Соттук актыларды чыгарууда соттук эсептөөлөрдү түзүүнүн тартиби жана мамлекеттик алымды өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу, эсептөө, төлөө тартиби” деген темада эки күндүк семинар өз ишин баштады.
Аталган семинарда лектор катары отставкадагы судья, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу – Давлетбаева М.А., Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары – Мурзалиева Ж.Н. чыгышат.
Аталган окутуу 2019-жылдын 26-июлундагы соттук практикага жана мыйзамдын талаптарына ылайык экспертизадан өткөн “Жарандык иштер боюнча чечимдеги соттук эсептөөлөрдү түзүүнүн жана текшерүүнүн тартиби. Соттук чыгымдар, эсептөө тартиби, мамлекеттик алымды өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу” деген окуу модулун колдонуу менен өткрүлөт.
Ушул эле семинар 2019-жылдын 24-25-октябрында Ош шаарында өткөрүлөт.
Семинар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга бекитилген Окуу планын ишке ашыруу максатында, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү” GIZ программасынын колдоосу менен уюштурулду.
Семинардын жыйынтыгы боюнча угуучуларга сертификаттар тапшырылат.