KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары үчүн семинар болду

11 февраля 2019

2019-жылдын 8-9-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары үчүн “Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча судьялык этиканы жана  эрежелерди сактоо – коррупцияны алдын алуунун  маанилүү механизмдери ” деген аталыштагы  семинар өттү.


Иш чаранын ачылышында   Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева жана Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын эксперти Радост Тофтисова-Матерон чыгып сүйлөштү.


Ал эми лекторлор  катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  юристи,  отставкадагы судья,  Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин  лектору Лариса Гутниченко жана Франциянын магистратурасынын  Жогорку  кеңешинин  мурдагы мүчөсү,  отставкадагы магистрат Жан-Мари-Юе  чыгышты.


Катышуучулар  Франциядагы  судьялык кызматка алуунун талаптары,  аталган өлкөнүн  мыйзам базасы,  ченемдик укуктук   актылары жана деонтологиянын  ички эрежелери  менен таанышышты.  Мындан тышкары,  судьянын  негизги этикалык баалуулуктары  жана сапаты, судьянын кынтыксыз жүрүм-турумунун түшүнүктөрүн карап чыгышты. Ошондой эле Бангалордук принциптердин мазмунун жана                         “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын талкууга алышты.


Семинар   Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен  биргеликте  Европалык биримдик каржылай турган  “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы”   ( “Борбор  Азия өлкөлөрүндөгү укуктук мамлекетке көмөктөшүү”  GIZ Программасынын  регионалдык компоненти)  Программасынын колдоосу астында уюштурулду.