19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Калиева Гульбара Утюровнанын жана жогорку сот органдарынын судьяларынын катышуусу менен “Ак ниет сатып алуучунун институтун колдонуу практикасы” деген темада семинар болуп өттү.
Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары — Асанова Нургуль Молдобековна, «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ Программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору — Мадалиев Рустам Каримович сүйлөштү.
Семинардын максаты ак ниет сатып алуучулар институтун колдонуу маселелерин талкуулап,бул категориядагы иштерди кароо боюнча бирдиктүү сот тажрыйбасын иштеп чыгуу болуп саналат. Семинардын жүрүшүндө “суроо-жооп” форматында активдүү талкулоо болду.
«Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ Программасынын эл аралык эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдук сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы -Томас Херманн аталган институтту колдонууда конкреттүү мисалдарды келтирип, немецтердин тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Аталган теманын актуалдуулугуна байланыштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу планына жана Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу комплекстүү программасына киргизилерин баса белгилей кетүү керек.
Лекторлор катары Жогорку соттун төрайымынын орун басары — Асанова Нургуль Молдобековна, отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи — Лариса Гутниченко, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лекторлору жана Томас Херманн чыгышты.
Семинар Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан жогоруда аталган программанын техникалык колдоосу менен уюштурулду.
Семинардын аягында сертификаттар тапшырылып, жыйынтыгы чыгарылды.