Бүгүн, 26-ноябрда Сот адилеттигинин жогорку мектебин стратегиялык өнүктүрүү боюнча тегерек стол юолуп өттү, тегерек столго САЖМнин директору — Э.Т.Байтикова, директордун орун басары – Г.Т.Алымбекова, Болгариядагы отставкадагы судья, Сот адилеттиги улуттук институтунун мурдагы директору — Драгомир Йорданов, КРнын Судьялар кеңешинин окуу-эксперттик комиссиясынын төрагасы (КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы) — Ч.А .Айдарбекова, КРнын Судьялар кеңешинин окуу-эксперттик комиссиясынын мүчөсү (Бишкек шаардык сотунун судьясы) — И.В. Горшковская, КРнын Судьялар кеңешинин окуу-эксперттик комиссиясынын мүчөсү (Биринчи Май райондук сотунун судьясы) – Д.Т. Орозова, КРнын Судьялар кеңешинин окуу-эксперттик комиссиясынын мүчөсү (Жалал-Абад облустук сотунун судьясы) — Б.У. Калыков, “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2 – Фаза” Европа биримдиги Долбоорунун эксперти — Радость Тофтисова-Матерон жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана кызматчылары катышышты.
Тегерек столдун максаты Сот адилеттигинин жогорку мектебинин учурдагы жагдайын баалоо жана судьяларды жана сот аппаратындагы кызматкерлерди даярдоо боюнча засанбап жана натыйжалуу мекеме катары Сот адилеттигинин жогорку мектебин мындан ары да өнүктүрүүгө мүмкүн болгон багыттарды, чечимдерди жана сунуштарды киргизүү.
Стратегиянын биринчи долбоору Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилиги жана лекторлору менен, ошондой эле кызыктар тараптардын өкүлдөрү менен 2019-жылдын 17-19- июнунда Бишкек шаарында миссия учурунда талкууланган.