KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Ош шаарында жарандык жана жарандык процесстик укуктун айрым нормаларын колдонуу боюнча түштүк аймактагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн үч күндүк семинар өз ишин баштады

22 мая 2019

22-24-майда Ош шаарындагы “Раян” отелинин конференц-залында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча  “Ак ниет сатып алуучунун институтун колдонуу практикасы”, “Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы” жана “Жарандык сот өндүрүшүндөгү медиация” деген темаларда үч күндүк семинар өз ишин баштады.


Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын орун басары — Асанова Нургуль Молдобековна,


«Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эл аралык кызматташуу боюнча  Германдык коому Программасынын (GIZ) Кыргызстандагы улуттук координатору -Мадалиев Рустам Каримович  чыгышты.


GIZ Программасынын  эл аралык эксперти, Ганновердин Төмөнкү Саксониянын округдук сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы -Томас Херманн акниет сатып алуучунун институттун колдонуу боюнча Германиянын  тажрыйбасы менен бөлүшөт.


Улуттук лекторлор катары Жогорку соттун төрайымынын орун басары — Асанова Нургуль Молдобековна, Жогорку соттун судьясы — Мельникова Маргарита Павловна, отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи — Гутниченко Лариса Викторовна, медиаторлорду даярдоо боюнча тренер, Кыргыз Республикасынын Республикалык медиаторлор коомунун төрайымы — Кожоярова Гульсина Жолдошбековна чыгышат.


Республиканын түндүк аймагындагы судьялар үчүн  ушундай  эле семинарлар 19-21-июнда — Бишкек шаарында, 10 – 12 июлда — Ысык- Көл облусунун Чолпон – Ата шаарында өткөрүлөт.


Семинар Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан  “GIZ.” Программасынын  техникалык колдоосу менен уюштурулду.


Семинардын аягында жыйынтык чыгарылып, сертификаттар тапшырылат.