KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Бишкек шаарындагы «Bridges» отелинин конференц залында “Сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдөгү актуалдуу проблемалар жана укукка сыйбаган маалымат таратууга байланышкан кылмыштар жөнүндөгү иштерди кароо” деген темада семинар өтүп жатат

16 мая 2019

2019-жылдын 16-17-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргызстандагы Медиа Полис Институту менен биргеликте “Сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдөгү актуалдуу проблемалар жана укукка сыйбаган маалымат таратууга байланышкан кылмыштар жөнүндөгү иштерди кароо” деген темада эки күндүк семинар өткөрүлуп, республиканын түндүк регионундагы жергиликтүү соттордун 18 судьясы катышып жатышат.


Семинардын негизги максаты – аталган категориядагы иштерди кароодо судьялардын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын диний чөйрөдөгү 2014-2020-жылдарга карата Концепциясынын бир багыты болуп саналат.


Улуттук жана эл аралык тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы — Камчыбеков Шералы Равшанбекович,  Гильдиянын мүчөсү, документация жана маалыматтык талаш-тартыш боюнча лингвист-эксперти, филология илимдеринин кандидаты — Колтунова Елизавета, орусиялык практикалоочу адвокат — Ахметгалиев Рамиль, тренер-фасилитатор — Дмитрий Колбасин чыгышат.


Семинардын алкагында интернетке маалымат таратуу, Кыргыз Республикасында укукка каршы маалымат таратууга байланышкан кылмыштар жөнүндөгү иштерди кароодо укукка сыйбаган кемчиликтер, соттук процессте лингвистикалык жана комплекстүү экспертиза жүргүзүүнүн алгоритми, экстремисттик билдирүүлөрдүн мисалдары жана практикасы,  жергиликтүү жана эл аралык ченемдер сыяктуу маселелер каралат жана талкууланат.


Семинардын жыйынтыгы боюнча угуучуларга сертификаттар тапшырылат