KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

I инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларынын квалификациясын жогорулатуунун комплекстүү программасынын алкагында үч күндүк семинарлардын сериясы ишке кирди

03 декабря 2018

Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында республиканын I инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларынан турган, жети топ үчүн квалификациясын жогорулатуунун комплекстүү программасы боюнча үч күндүк семинарлардын сериясы ишке киришти.


Окуу программага ылайык 12 академиялык саат төмөнкү темаларга бөлүштүрүлдү: “Кесиптик жана кызматтан тышкары ишмердүүлүгүндө сот тутумунун мамлекеттик кызматкерчыларынын этикалык жүрүм турум стандарттары”, “Судьянын жардамчысынын  укуктук статусу жана функционалдык милдеттери”, “Жарандык иштерди даярдоо жана тариздөө”, “Жазык иштерди  даярдоо жана тариздөө”, “I инстанциядагы соттордо иш кагаздарды жүргүзүү”, “www.act.sot.kg. интернет -ресурсуна соттук иштерди, отурумдарды жана соттук актыларды киргизүү”.


Жогоруда аталган темалар боюнча семинарларды алып барышат: Гутниченко Лариса Викторовна  — отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи; Керимкулова Айгүл Карыпкуловна – Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун  төрайымы; Усакпаева Гульзат Каныбековна – Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун аппаратынын административдик жана экономикалык иштер боюнча  соттук коллегиясынын ишин камсыздоо боюнча башкармалыктын  начальниги; Абылаев Азамат – Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби департаментине караштуу “Адилет сот” МТМ  адиси.


Учурдун талабына байланыштуу, окутуунун комплекстүү программасы 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү, Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык-процесстик  мыйзамдарынын новеллалары менен угуучулардын аталган категориясын  тааныштырууну карайт.


Лекторлор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лекторлору   отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө  секторунун башчысы — Эралиева Расия Идрисовна жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун улук референти — Алымбекова Галия Темирхановналар чыгышты. 


Семинар Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымы менен макулдашуу боюнча Судьялар кеңешинин 2016-жылдын 10-июнундагы  чечими бекитилген, I инстанциядагы Кыргыз Республикасынын   жергиликтүү сотторунун аппарат кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу  комплекстүү программасынын алкагында өткөрүлүүдө.  Окутуу 27-30 угуучулардан турган, жети топ үчүн Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт:


1)  Бишкек шарында: 6-8, 10-12, 13-15-декабрь;


2) Ош шаарында: 17-19, 20-22, 23-25-декабрь.


 


Семинардын жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлөт жана сертификаттар тапшырылат.


Иш-чара АКШ мамлекеттик Баңги заттар менен эл аралык күрөшүү (INL) департаменти жана Кыргыз Республикасынын Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун филиалынын (IDLO) техникалык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2018-жылга Окуу планына ылайык  уюштурулду.