KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдары: сот системасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча чаралар”деген темада судьялар үчүн эки күндүк тренинг өтүүдө

28 мая 2019

Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2 -фаза» долбоору менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдары: сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча чаралар” деген аталышта Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 24 судьясы үчүн эки күндүк семинар өткөрүлүүдө.


Аталган тренингдин максаты судьяларды коррупциялык кылмыштарды квалификациялоо көндүмдөрүнө үйрөтүү жана коррупциялык кылмыш жасаган адамдарга жаза дайындоо, сот системасында коррупцияга каршы аракеттенүү (алдын алуу) боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдарды колдонуу чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелинет.


Тренингдин ачылышында саламдашуу сөздөрү менен  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору — Тургунбаева Раушанай Куттубаевна, Кыргыз Республикасындагы Франциянын Посолу — Микаель Ру, Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин кызматташуу өкүлчүлүгү боюнча бөлүмүнүн долбоорунун менеджери — Никола Скарамуццо, ошондой эле Программанын жетекчиси — Стефанос Кареклас  чыгышты.


Улуттук тренер жана аталган тема боюнча окуу куралын иштеп чыккан, Бишкек шаардык сотунун судьясы – Воронцова  И.Н.   тренигдин катышуучуларын коррупциялык кылмыштардын түрлөрү жана белгилери, Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен тааныштырат. Коррупциялык кылмыш жасаган адамга жаза дайындоодо судья тарабынан чечилүүчү маселелер боюнча чакан группаларда практикалык иштер өткөрүлөт.


Ал эми, Францияда коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык принциптери, коррупция менен күрөшүү үчүн укуктук базалары, коррупция менен күрөшүү органдары жана улуттук моделдери, жарандык коомдун ролу жөнүндө коррупцияга каршы аракеттенүү, бюджеттик стратегия жана аудит маселелери боюнча эл аралык эксперт, экс-магистрат — Мишель Карль айтып берет.


Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүүгө багытталган сот органдарын реформалоо боюнча өтө маанилүү кадамдар көрүлүүдө. Аталган  процессте Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттук-укуктук реформаны жактоочулардын бири болуп, сот системасынын ачык – айкындуулугун, көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну, иштерди кароонун натыйжалуулугун жана коомдун сот адилеттигине ишиничин жогорулатууну, судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууну жана соттук актыларды аткаруу деңгээлин жогорулатууну,сот адилеттигин жүргүзүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүнү колдойт.


Жогоруда аталган иш-чара  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылдын  Окуу планына ылайык 2012-жылдын  2-февралындагы Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215, “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги  №46 буйругу менен бекитилген, 2018-2020 жыларга Кыргыз Республикасынын сот тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча планды ишке ашыруу максатында  өткөрүлүүдө.