KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында судьялар үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин колдонуунун өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар өткөрүлүүдө

08 августа 2019

Бүгүн, 8-августа Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин колдонуунун өзгөчөлүктөрү” деген темада эки күндүк семинар өз ишин баштады.

Аталган семинарда лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы — Осконбаев Эмиль Жолдошевич чыгат.

Конституциялык сот адилеттиги соттук коргоонун жогорку формасын көрсөтөт, анткени өлкөнүн бардык аймактарында Конституциянын үстөмдүгүн, мыйзам чыгаруу жана укук колдонуу биримдигин, анын ичинде сот тажрыйбасын камсыз кылат.

Конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында укуктук, саясий жана социалдык талаш-тартыштарды чечүүдөгү өзгөчө маанилүүлүгү, ишти коллегиалуу кароону гана шарттайт, судьялардын көз карандысыздыгын камсыздоо, сот процессинин ачык-айкындыгы өзгөчө мааниге ээ.

Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылдагы Окуу планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Семинардын аягында жыйынтык чыгарылып, сертификаттар тапшырылат.