KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде компьютердик техникаларды расмий тапшыруу болду

01 октября 2019

Бүгүн, 1-октябрда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу алкагында  жаңы окуу классын жабдуу үчүн компьютердик техникаларды (ноутбуктар жана проектор) тапшыруу аземи болду.


Аталган техникалык колдоо  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин туруктуу өнөктөшү   “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү – 2-фаза” Европа биримдигинин Долбоору тарабынан көрсөтүлдү.


Иш-чарага Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору –Байтикова Эльмира Турдакуновна,  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары  — Алымбекова Галия Темирхановна,   “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү – 2-фаза” Европа биримдиги Долбоорунун жетекчиси — Стефанос Кареклас,  аталган Долбоордун  эксперттери — Кристоф Копецки, Радость Тофтисова-Матерон, Залина Абдулхафизова, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери катышышты.


Аталган компьютердик техникалар келечекте окутуучу иш-чараларды  уюштуруу жана өткөрүү процесстерин  өнүктүрүүгө жана өткөрүүгө арналган.


Бул Долбоор Сот адилеттигинин жогорку мектебине судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин  квалификациясын жогорулатууда институциалдык колдоо  көрсөтүп келе жаткандыгын  баса белгилөө керек.


Эки тараптуу кызматташуу жаңы заманбап окутуунун  жогорку натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө багытталган.