KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

30 июля 2021

Баардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:


 


Улук административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн:



  1. Билүү:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;


2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;


3) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;


4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;


5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;


6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.


 



  1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон деңгээлде билүүсү.


 



  1. Санариптик компетенттүүлүккө карата базалык талаптарды билүүсү:


1) Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө


Ыктуулугу:



  • Тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө.

  • Файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).

  • Сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу.

  • Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү).


 


2) Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)


Ыктуулугу:



  • Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүу.

  • Издөө системалардан пайдалануу.

  • Ар түрдүү браузерлер менен иштөө.

  • Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.


 


3) Чоң массивдүү маалыматтар менен иштөө: жаңы маалыматтарды түзүү жана иштеп чыгуу.


Билүү:



  • Ар түрдүү маалыматтардын жогорку ылдамдыкта өзгөртүлгөн шартында маалыматтар базасы менен иштөө.

  • Натыйжалуу чечим кабыл алууну колдоо үчүн статистикалык маалыматтарды анализдөө жана маалыматтарды жыйноо.

  • Файлдардын өлчөмүн кысуу жана чоң көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/ алуу.


Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү.


Билими жана ыктуулугу:



  • Презентацияларды уюштуруу.

  • Эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө.

  • Маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү.


 


4) Колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу


Ыктуулугу:



  • КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу.

  • Текстке түзөтүү киргизүү жана аны редакциялоо.


 


5) Уюштуру техникасы менен иштөө


Уюштуру техникасы менен иштөө боюнча ыктуулугу:



  • Көчүрмө аппаратары.

  • Принтер.

  • Сканер.

  • Проектор же интерактивдүү тактай.

  • Факс.


 


6) Мамлекеттик саясатты жана МКТ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды билүү:



  • Санариптик трансформациялоо Концепциясынын негизги жоболорунун 2019-2023-жж. карата “Санариптик Кыргызстан” жана КРнын мыйзамдарын билүү:

  • Электрондук башкаруу жөнүндө.

  • Электрондук колтамга жөнүндө.

  • Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө.


 


7) Маалыматтык коопсуздук


Ыктуулугу:



  • Вируска каршы программаларды колдонуу.

  • Шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо.

  • Логин жана пароль коюу.

  • Компьютерде иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.


 


Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн:



  1. Билүү:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;


2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;


3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин.


 



  1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон деңгээлде билүүсү.


 



  1. Санариптик компетенттүүлүккө карата базалык талаптарды билүүсү:


1) Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө


Ыктуулугу:



  • Файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).

  • Сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу.

  • Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү).


 


2) Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)


Ыктуулугу:



  • Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүу.

  • Издөө системалардан пайдалануу.

  • Ар түрдүү браузерлер менен иштөө.

  • Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.


 


3) Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү


Билими жана ыктуулугу:



  • Презентацияларды уюштуруу.

  • Эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө.

  • Маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү.


 


4) Колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу


Ыктуулугу:



  • КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу.

  • Текстке түзөтүү киргизүү жана аны редакциялоо.


 


5) Уюштуру техникасы менен иштөө


Уюштуру техникасы менен иштөө боюнча ыктуулугу:



  • Көчүрмө аппаратары.

  • Принтер.

  • Сканер.

  • Проектор же интерактивдүү тактай.

  • Факс.


 


6) Маалыматтык коопсуздук


Ыктуулугу:



  • Вируска каршы программаларды колдонуу.

  • Шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо.

  • Логин жана пароль коюу.

  • Компьютерде иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.


 


 


ЖАЛПЫ БӨЛҮМ


 


Башкы адис (У-Б) — 1 б.


(Маалыматтык технологиялар боюнча)


 



  1. Кесиптик билим денгээли:


— мааламаттык коопсуздук, электроника, радиотехника жана байланыш, эсептөөчү техника жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жогорку билим.


 



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конститутциялык мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;


— “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө”,“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин”;


— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомун;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 31-январындагы № 16 буйругу менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби” мамлекеттик мекемесинин уставын.


— компьютердик техниканы программалык камсыздоону, операциялык системаларды орнотуу жана жаңылоо көндүмдөрүн.


 


Билгичтиги:


— сервердик операциялык системаларды жана сапаттуу программалык камсыздоо;


— тутумдук жана тармактык программалык камсыздоону башкаруу;


— компьютердик жана офистик жабдууларды тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү;


— маалыматтарды чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди дайындоо;


-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.


 


Көндүмдөрү:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;


— телекоммуникациялык жабдуулар менен иштөө;


— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде долбоордук документтерди даярдоо;


-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.


 


 


Жетектөөчү адис — коомчулук менен байланыш боюнча (К-А) — 1 б.


 



  1. Кесиптик билим денгээли:


— юриспруденция, журналистика же филология багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.


 



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


— иш стажына талаптар коюлбайт.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:  


— “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конститутциялык мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;


— “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин”;


— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомун;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 31-январындагы № 16 буйругу менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби” мамлекеттик мекемесинин уставын;


— массалык маалымат каражаттары жана жарнактар жөнүндөгү мыйзамдарды.


— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди  билүүсү.


 


Ыктуулугу:


— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


—  документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— тийиштүү тармакта ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;


— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;


— жарандардын кайралуулары боюнча каттарды кароо жана жоопторду даярдоо;


— мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кат алышуу жүргүзүү;


— пресс-релиздерди түзүү;


— пресс-конференцияларды даярдоо жана өткөрүү;


— маалыматтарды  жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;


— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүгүзүү;


— командада иштөө.


— эл алдында чыгып сүйлөө;


 


Көндүмдөрү:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу.


 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:


— жеке арыз;


— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);


— кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндө, 2 даана;


— өмүр баяны;


— резюме;


— нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жогорку билимин, илимий даража же илимий наам берилгендигин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;


— ден соолугунун абалы тууралуу справка (Формы- 086/у);


— психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерден справкалар;


— соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


 


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2021-жылдын 30-июлунан тартып 12-августуна чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-36.


 


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.