KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби окутуучу курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

21 октября 2021

Кызматтын аталышы: окутуучу


Бош кызмат орундардын саны — 2 штаттык бирдик “Жазык укугу жана процесси” багыты боюнча.


 


Жалпы квалификациялык талаптар:


 



  1. Кесиптик билимдин деңгээли:


— жогорку юридикалык билими.


 



  1. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:


—   үч жылдан кем эмес окутуучулук иш тажрыйбасы;


— окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды жазуу тажрыйбасы;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;


— судьялык иш стажынын болушу артыкчылыгы болуп саналат.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;


— сот тутумун терең билүү;


— менеджменттин негизин;


— адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;


— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;


— чет тилдерди (артыкчылыгы болуп саналат).


 


Билгичтиги:


— билим берүү программалары жаатында стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо;


— судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча ыкмаларды интеграциялоо, анализдөө, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жана контроль жүргүзүү;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;


— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;


— окутуу программаларын ишке ашыруу боюнча  новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


— тартылган окутуучулар/адистер жана түзүмдүк бөлүмдөр менен иштерди натыйжалуу пландоо;


— окуу пландарын жана программаларын түзүү;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү;


— судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу стратегиясынын долбоорлорун (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү) иштеп чыгуу;


— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.


 


 Көндүмдөрү:


— лекторлор курамы/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу;


— сот практикасын системалаштыруу жана анализдөө, ошондой эле соттордун жана сот тутумунун кызматкерлиринин квалификациясын жогорулатууда актуалдуу маселелер боюнча муктаждыктарын аныктоо;


— чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;


— өз ара натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларына ээ болуу, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;


— квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен,  жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү  сот органдары менен кат алышуу;


— окутуу программаларын өркүндөтүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында чет өлкөдөгү сот органдарынын практикалык иш тажрыйбаларын изилдөө;


—  эл аралык конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү ж.б.


 


 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска документтерди тапшыруу жана аңгемелешүү учурунда көрсөтүлөт);

  • өмүр баяны;

  • резюмеси;

  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;

  • квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин,  мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгүнүн жана башка документтеринин көчүрмөсү;

  • соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


 


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2021-жылдын 21-октябрынан тартып 9-ноябрына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00 чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалымат үчүн байланыш тел.: (0312) 45-47-36.


 


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.