KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби штаттык окутуучу курам менен толукталды

15 апреля 2019

2019-жылдын 5-апрелиндеги конкурстук комиссиянын чечиминин  негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылдын 10-апрелиндеги директорунун № 14,15,16,17,18 буйругу менен бош кызмат ордуна дайындалган Сот адилеттигинин жогорку мектебинин штаттык окутуучулары тааныштырылды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 14-февралындагы № 24 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулук курамынын бош кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндөгү Жобонун негизинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 10 бирдиктеги окутуучулук курамындагы бош кызмат орунун конкурска катышуу жана өтүү, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин түзүү жолу менен ээлешет.


Конкурстук комиссияга жалпысынан 9 кандидаттан документтер келип түшкөн. Биринчи отурумдагы кароонун жыйынтыгы боюнча талапкердин документтери квалификациялык талаптарга ылайык келет деп чечилип, добуш берүүнүн  жыйынтыгында аңгемелешүүгө кирүүгө баардык тогуз талапкерге тең жол берилген. Ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучу курамынын бош орунун ээлөө үчүн талапкерлердин кесиптик сапаттарын аныктооо боюнча суроолордун тизмеси бекитилген.


2019-жылдын 5-апрелинде өткөрүлгөн конкурстук тандоонун экинчи турунун жыйынтыгы боюнча, окутуучулардын бош кызмат орундарына төмөндөгү окутуучуларды: отсатвкадагы судьялар жана экс-судьялар — Айтбаева Индира Мукашевнаны, Аксамаев Эмиль Маликовичти, Давлетбаева Мадина Акремовнаны, Мулюкбаева Диляра Абдрахмановнаны, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы — Сальпиева Нургуль Шаршенбековнаны дайындоо чечими кабыл алынган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2018-жылдын 3-декабрындагы № 223 жана 2019-жылдын 29-мартындагы № 46 буйругуна ылайык конкурстук комиссиянын курамына Сыдыков А.Ш. (конкурстук комиссиянын төрагасы), Токтомамбетов К.Б., Кульматова Д.С. – Жогорку соттун судьялары, Атаназаров Н.А. – Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешинин төрагасы жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  директору- ТургунбаеваР.К. киришкен.


Белгилүү болгондой, соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан судьялык кадрларды даярдоонун заманбап системасын түзүү, сот тутумун жогорку квалификациялуу кадрлар менен бекемдөө,Сот адилеттигинин жогорку мектебин штаттык окутуучулар менен толуктоо  2017-жылдан баштап уставдык ишти натыйжалуу ишке ашыруу максатында, башкача айтканда, судьялардын Окуу борбору Сот адилеттигинин жогорку мектеби болуп түзүлгөндөн баштап актуалдуу болуп келген. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешинин  окутуучулук курамдын эмгек акы төлөө шарттарын  белгилөөгө тийиштүү болгон маселелер боюнча принциптүү позициясынан улам создугуп келип, 2019-жылдын 19-январында гана окутуучу курамдын кызматтык маянасы соттор Кеңеши тарабынан бекитилген.


Жакынкы арада Сот адилеттигинин жогорку мектебинин калган беш окутуучу курамдын бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс жарыяланат.


Штаттык окутуучулар квалификациялык талаптарга жана кызматтык инструкцияга ылайык  аларга жүктөлгөн милдеттерди, судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуунун алкагындагы окутуучу иш-чараларга тренерлер катары чыгышып, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иш процессинде иштелип чыккан окуу куралдарын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана соттук практикага ылайык тесттин суроолорун жана тапшырмаларын  иштеп чыгууга жана экспертиза жүргүзүүгө, окуу программасын түзүүгө, окуу-методикалык материалдарды жарыялоо жана басып чыгарууга, анализ жүргүзүүгө, прогноздоого, жалпылоо,мониторинг жүргүзүүгө, биринчи жолу дайындалган судьялар баштапкы даярдоо маселелерин чечүү ж.б.контролдоо  жана ыкмаларды интеграциялоого ж.б.катышышат.