KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде тренерлер үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлүп жатат

12 марта 2020

Бүгүн, 12-мартта  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында “Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү”, ошондой эле “Пробациялык көзөмөл. Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси боюнча жазаларды дайындоо” деген темаларда эки күндүк тренерлер үчүн тренинг өз ишин баштады. Аталган тренингдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы катышты.


Саламдашуу сөздөрү менен КРнын Жогорку сотунун төрайымы – Калиева Г.У., Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору – Байтикова Э.Т., Кыргыз Республикасында өнүгүү укуктары боюнча Эл аралык уюмдун Филиалынын директору (IDLOнун) — Уильям Альфред Хьюстон, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү” GIZ  долбоорунун Кыргызстандагы улуттук координатору — Мадалиев Р.К. чыгышты.


Жогорку соттун төрайымы Гулбара Калиева тренер болуу бир жагынан сыймыктуу, ал эми экинчи жагынан өтө жооптуу экенин баса белгиледи. Бүгүнкү тренингдин катышуучулары эртең эле аймактарга барып, судьяларды мамлекеттик тилде окута тургандыгын айтып, катышуучуларды мүмкүн болушунча тренингде ыклас коюп, үйрөнүүгө чакырды. Ошондой эле, ал “GIZ” жана “IDLO эл аралык өнөктөштөргө аймактык тренерлерди даярдоого колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Улуттук тренерлер катары  КРнын Жогорку сотунун судьясы — Мельникова М.П., Чүй облусунун райондор аралык сотунун төрайымы — Ахметова А.К., Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьялары — Джаналиев Б.Б. жана Эсенбаев Н.Б. чыгышат.


Аталган тренингдин максаты тренерлерди окуу материалдарын натыйжалуу сиңирүүгө, интерактивдүү ыкмаларга окутууга үйрөтүү. Андан сырткары практикалык көнүгүүлөр менен иштешет.


Цивилисттер окуй турган модулдун максаты катышуучулар менен бирге талашка түшкөн бүтүмдөрдөн келип чыккан доонун ар кандай түрлөрүн, талашып алуучу бүтүм менен арзыбаган бүтүмдүн ортосундагы айрыманы, аталган талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрүн анализдөө болуп саналат.


Криминалисттер окуй турган модулдун максаты жаза институтунун негизги жоболорун, жазык мыйзамы боюнча жазалар системасын, жазалардын айрым түрлөрүн дайындоо, ошондой эле жазаларды аткаруу боюнча жоболорду кароо болуп саналат.


Тренингдин аягында сертификаттар тапшырылат.