KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде “Сот аткаруучулардын токтомдорун, иш аракетин жана аракетсиздигин даттануу”, Заем жана кредит мамилелеринен келип чыккан иштердин соттордо каралышы” жана “Күрөө укуктук мамилелеринен келип чыккан иштердин соттордо каралышы” деген темаларда семинар өткөрүлүп жатат

19 декабря 2019

Бүгүн, 19-декабрда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында КРнын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүлүүдө.


Аталган семинарда лекторлор катары  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу — Давлетбаева М.А. жана КРнын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын мүчөсү — Тилекеева А.М.  чыгышат.


Бул семинар үчүн иштелип чыккан окуу куралынын максаты, угуучуларды:



  1. Күрөө укуктук мамилелеринин маани-маңызы жөнүндө түшүнүк;

  2. Күрөө жөнүндө келишимдерди түзүү жана каттоо үчүн негизги талаптарды билүү;

  3. Күрөө келишимдеринин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү;

  4. Заем келишимдеринин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү;

  5. Заемдун суммасына пайыздарды кошуп эсептөө тартибин билүүгө үйрөтүү.


Семинардын аягында сертификаттар тапшырылат.