KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде онлайн-тренинг өткөрүлүп жатат

04 сентября 2020

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн “Соттор тарабынан менчик укугу тууралуу талаштарды кароо (ээлик кылуунун эскиргендиги, бүтүмдөрдү таануу). Ак ниет алуучунун укугун коргоо” деген темада бир күндүк онлайн-тренинг “ТоТ” өз ишин баштады. Окутуу Microsoft Teams платформасы аркылуу жүргүзүлүүдө.


 


Аталган онлайн-тренингдин максаты угуучулар менен менчик укугун, менчик укугу жөнүндө талаштардын түрлөрү жана аларды сотто чечүүнүн тартиби, соттук териштирүү учурунда пайда болуучу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдорун  кароо болуп эсептелет.


 


Тренерлер катары Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары – Мурзалиева Ж.Н. жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу – Курбанова Ч.Дж. чыгышат.


 


Онлайн-тренинг “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү” GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.


 


Онлайн-тренингдин аягында жыйынтыктар чыгарылат жана сертификаттар берилет.