KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде “Атайын тергөө аракеттери. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары” жана “Процесстик макулдашуулар жана алардын түрлөрү. Жазык иш боюнча күнөөсүн моюнуна алуу жана кызматташуу макулдашуусу түзүлгөн учурда соттук териштирүүнүн өзгөчө тартиби” деген темада“ТоТ” онлайн-тренинг өткөрүлүүдө

18 сентября 2020

Бүгүн, 18-сентябрда аймактык теренерлер жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бир күндүк “ТоТ” онлайн-тренинг өз ишин баштады. ТоТ” онлайн-тренингде  “Атайын тергөө аракеттери. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары” жана “Процесстик макулдашуулар жана алардын түрлөрү.  Жазык иш боюнча күнөөсүн моюнуна алуу жана кызматташуу макулдашуусу түзүлгөн учурда  соттук териштирүүнүн өзгөчө тартиби” деген  темалар  каралат. Окутуу Microsoft Teams платформасы аркылуу өткөрүлүүдө.


 


Аталган ТоТ” онлайн-тренингдин максаты угуучулар менен атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негизги жоболорун жана механизмдерин кароо, анын ичинде тергөө судьялары менен атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөрү кароо. Ошондой эле, процесстик макулдашуунун негизги жоболорун, анын түрлөрүн, процесстик тартибин жана аны түзүүнүн шарттарын, процесстик макулдашуу боюнча өтүнмөнү чечүүнү карашат.


 


Тренер катары Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьясы — Эсенбаев Н.Б. чыгат.


 


Аталган ТоТ онлайн – тренинг  Кыргыз Ре спубликасындагы өнүгүү укуктары боюнча Эл аралык уюмдун  (IDLO)колдоосу менен өткөрүлүүдө.


 


Онлайн  тренингдин аягында жыйынтык чыгырылат жана сертификаттар берилет.