KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан сот аткаруучулардын квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлүп жатат

27 мая 2019

Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2019-жылдын Окуу планына ылайык Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча Эл аралык уюмдун Филиалы (IDLO) менен бирдикте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 100 сот аткаруучусун практикалык окутуу боюнча тренингдерди өткөрөт.


Тренингдер 4 группа үчүн Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт:


1) түндүк аймактын 30 сот аткаруучудан турган 1-2 -группасы үчүн:  27- 29-майга чейин жана 24-июндан 26-июнга чейин;


2) түштүк аймактын 20 сот аткаруучудан турган  3-4- группасы үчүн: 10-13-июнда жана 17-19-июнда.


2019-жылдын 27-майынан 29-майына чейин Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасынын конференц- залдарында “Сот аткаруучулардын потенциалын жогорулатуу жана таасирин баалоо” деген темада биринчи тренинг башталды.


Тренингдин ачылышында саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуна караштуу Сот департаментинин  статс-катчысы — Калмаков Сталбек Аманатович, ИДЛОнун жетекчиси — Фред Хьюстон чыгышты.


Сот аткаруучуларды окутуу программасы аткаруу өндүрүшүндөгү ар кандай актуалдуу маселелерди камтыйт. Сунушталган тематикаларга ылайык  лекторлор талаш-тартыштын негизи жаш бала болуп саналганда аткаруу документин мажбурлап аткаруу; карызкорду, анын мүлкүн жана баласын издөө өзгөчөлүктөрү; жоопкерчиликтин түрлөрү; сот аткаруучулардын ишинде кагылышууларды жөнгө салуу негиздери, талаш-тартышты альтернативдүү чечүү, аткаруу өндүрүшүндө медиацияны колдонуу боюнча сабактарды өткөрүшөт.


Аталган окутуунун алкагында 7 практикалык окуу модулдары иштелип чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы – К.Осмоналиев тарабынан экспертиза жүргүзүлүп, азыркы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык деп табылган.


Улуттук тренерлер катары  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лекторлору экс-судья – Курбанова Ч.Дж., отставкадагы судья – Салиев К.,  Сот департаментинин кызматкерлери — Пирназаров Н., Мойноков М., Султанов У., Дженутбаева А., Исаев Э, Ташиев Ф., Илипаев Р., Нуралиев У. тартылышкан.


Уюштурулган тренингдер Молдавадагы сот аткаруучулар Улуттук Союзунун  (САУС)  экс – төрагасы, САУС  Кеңешинин мүчөсү — Роман Толмач, Одесса облусунун аткаруу округунун жеке аткаруучусу, АЧИУнун этика комитети боюнча башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент  — Валерий Притуляк,  Молдавадагы сот аткаруучулар Улуттук Союзунун Башкы катчысы, Молдава мамлекеттик универститетинин окутуучусу — Оксана Новиков сыяктуу эл аралык тренерлердин катышуусу менен өткөрүлөт.


Тренингдин аягында катышуучуларды сурамжылоо жүргүзүлүп, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө сертификаттар таршырылат.