KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн комплекстүү окутуу программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсун ишке киргизди

03 февраля 2020

Бүгүн, 3-февралда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын  биринчи  инстанциясына биринчи жолу дайындалган судьяларды комплекстүү окутуу программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштады.


Окутуу  2020-жылдын 3-февралынан 13-мартына чейин өткөрүлөт. Программага ылайык окутуунун узактыгы 30 окуу күнүн (234 академиялык саатты) түзүп, “Кыргыз Республикасындагы сот тутуму, сот түзүлүшү. Соттук көз карандысыздыктын эл аралык стандаттары”, “Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун жол-жобосу жана укуктук негиздери”, ошондой эле жарандык, жазык жана административдик  блок боюнча темалар окутулат.


Окутуунун жыйынтыгы боюнча компьютердик  тестирлөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик – окуу коммисиясына жөнөтүлөт.


Жогоруда аталган иш-чара  2020-жылга бекитилген окуу планга ылайык өткөрүлүүдө.