KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби иштерди электрондук каттоо жана учеттук – статистикалык карталарды түзүү маселеси боюнча бүткүл республикалык масштабдагы окутуу процессин ишке киргизди

16 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” № 1 Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, соттук–укуктук реформалоого байланыштуу киргизилип жаткан жергиликтүү соттордо соттун автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) программалык камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан 2019-жылдын 11-июлунан 11-сентябрына чейин бүткүл республикалык масштабда, 41 тайпага соттун төрагалары, судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү маселеси боюнча үч күндүк тренингдер өткөрүлүп жатат жана өткөрүлөт.


Тренерлер катары 2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейинки аралыкта жана 8-9-июлда аталган маселе боюнча тренерлер үчүн тренингден (ТоТ) өткөн судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери чыгышат, судья –эксперттердин курамына мурда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун суьясы – Узакбаев А.Н.,  Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы – Сабырова Ж.Ж. жана Ош облусунун райондор аралык сотунун судьясы – Сарыбаев Б.А. киришкен.


Азыркы учурда тренерлердин эксперттик курамы Чүй облусунун Райондор аралык сотунун төрагасы — Ахметова А.К., Ысык-Көл облустук Райондор аралык сотунун төрагасы – Тагаев М.М., Бишкек шаардык сотунун судьясы — Досмамбетов А.А., Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы — Сыдыгалиев Б.А., менен толукталды.


Судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутуу процесси Бишкек жана Ош шаарларындагы компьютердик залдарда төмөндөгү даректер боюнча окутулуп жатат жана окутулат:



  1. Бишкек шаарында — 2019 – жылдын 11-июлунан 14-августуна чейин:


1). Сот адилеттигинин жогорку мектеби (Москва көчөсү, 201);


2). Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши (Табышалиева көчөсү, 15);


3). Кыргызстан Эл аралык университети (Чүй пр., 225);


4). Бишкек каржы-экономика академиясы (Жаш гвардия бул., 55).



  1. Ош шаарында — 2019-жылдын 11-июлунан 11-сентябрына чейин:


1). Ош мамлекеттик университети (Разаков көчөсү, 21)


Тренинг Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга карата Окуу планына ылайык Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы жана Кыргыз Республикасында Укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюму (IDLO) менен бирдикте өткөрүлүп жатат.