KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби  тарабынан  “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жазык мыйзамдарындагы актуалдуу проблемалар” деген темада бир катар семинарлар өткөрүлө баштады

11 февраля 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 11-февралында республиканын түндүк аймактарындагы жергиликтүү соттордун судьяларынын биринчи тайпасы үчүн 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жазык мыйзамдарындагы актуалдуу проблемалар” деген темада эки күндүк семинар башталды.


Семинарлар проблемалуу жана талаш жараткан маселелерди практикалык көнүгүүлөр менен активдүү талкуулоо түрүндө өтүп, жаңы мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында сот тажрыйбасын бирдиктүү көз карашта өнүктүрүүгө багытталган.


Уюштурулган семинарларда лекторлор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку соттунун судьясы- Сыдыков А.Ш., Бишкек шаардык сотунун төрайымы-Воронцова И.Н. жана юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык-процессуалдык мыйзамдары боюнча мыйзам долбоорун ищтеп чыгуучу эксперттик жумушчу тобунун эксперти- Кулбаев А.К. чыгышат.


Белгилей кетсек,  жергиликтүү соттордун  курамынан турган  алты тайпа үчүн да ушуга окшош семинарларды өткөрүү пландалган:


1) Бишкек шаарында (жалпы: республиканын түндүк аймагындагы жергиликтүү соттордун 87 судьясы;  Жалал-Абад облусунун Токтогул району: 12-13-февралда 2-тайпа; 14-15-февралда 3-тайпа);


2) Ош шаарында (жалпы: түштүк аймагындагы жергиликтүү соттордун 81судьясы: биринчи тайпа 18-19 февралда; экинчи тайпа 19-20-февралда; үчүнчү тайпа 21-22-февралда);


3) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бает айылында (жалпы: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун  жергиликтүү сотторунун 41 судьясына).


Семинарлардын жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлөт жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин сертификаттары тапшырылат.


Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан 2019-жылдын окуу планынын ишке ашыруу максатында   Баңги заттар менен эл аралык күрөшүү (INL) бюросу  жана Кыргыз Республикасынын Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун филиалынын (IDLO) техникалык колдоосу менен  уюштурулду.


Республикадагы жергиликтүү соттордун судьяларына көмөк көрсөтүү   үчүн  жумушчу топтун курамындагы 20дан ашык учурда иштеп жаткан судьялардын, эксперттердин жардамы жана колдоосу менен 30га  жакын окуу куралдары жана модулдары иштелип чыккандыгын  жана  дагы иштелип жаткандыгын баса белгилей кетүү керек.


Бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн окуу куралдарынын жана модулдарынын алтоосу семинарларды өткөрүүдө колдонулуп жатат жана семинардын катышуучуларына  колдонуу үчүн берилет.