Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү.
Эки күндүн аралыгында, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева менен биргеликте судьялар жер талаштарын жана эмгек талаштарын кароонун өзгөчөлүктөрүн карашты.
Биринчи күн жер талаштары темасына арналып, ал күнү угуучулар жер тилкесине укуктун пайда болушунун негиздери, айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн жана өткөрүп берүүнүн өзгөчөлүктөрүн карашты. Ошондой эле, жер фондунун категориялары жана жер тилкелеринин максаттуу багыты, жер тилкесине менчик укугун токтотуунун негиздери темасына да көңүл бурулду.
Экинчи күнү катышуучулар эмгек талаштарына байланыштуу темаларды талкуулашты. Бир күн аралыгында, жумушка кайра орноштуруунун ведомствого таандуулугу жана сотко караштуулугу, жумушка кайра орноштуруу жөнүндө иштерди кароонун мөөнөттөрү, кызматкердин жана иш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотуу менен байланышкан эмгек талаштары, аргасыз жумушка чыкпоо жана айрым категориядагы иштен бошотулган кызматкерди, жумушка кайра орноштуруу жөнүндө доо арызы жана башка эмгек талашына байланыштуу темаларды карашты.
Тренингдин максаты — судьялардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу, жер жана эмгек мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү. Алынган билим сот практикасынын бирдейлигин камсыз кылууга жана иштердин тиешелүү категорияларын кароонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.








