KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Иш-аракет

16 октября 2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби мамлекеттик мекеме болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын судьяларынын, соттордун аппараттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну  окутууну ишке ашырат.


Сот адилеттигинин жогорку мектебине жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар жайылтылбайт.


Сот адилеттигинин жогорку мектеби юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөрлөргө, бурч мөөрлөргө, бланктарга ээ. Сот адилеттигинин жогорку мектеби өз алдынча баланска, регионалдык казыначылык бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте ачылган өздүк эсепке жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчиликке ээ.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин регламенти боюнча, алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:

— судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин окутууну уюштуруу жана жүргүзүү;

— окуу программаларын, окуу-тематикалык пландарды, колдонмолорду жана усулдук материалдарды иштеп чыгуу;

— судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу стратегиясынын долбоорлорун иштеп чыгуу (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү);

— иш процессинде иштелип чыккан окуу-усулдук материалдарды басып чыгаруу жана жарыялоо;

— окуу процессин камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын судьяларын, анын ичинен кызматтан кеткен судьяларды, иштеп жаткан юристтерди, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучу курамын жана башка адистерди дарсчы катарында тартуу;

— окуу процессинде судьяларды, сот тутумунун кызматкерлерин жана талапкерлерди маалыматтар жана материалдар менен камсыздоо;

— конференцияларды, анын ичинен соттук жана укуктук реформа жүргүзүү тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери боюнча эл аралык, аналитикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү;

— чет өлкөлөрдүн укуктук, илимий жана билим берүү мекемелери жана эл аралык уюмдар менен сот тутумунун кадрдык курамынын квалификациясын жогорулатуу тармагында алардын тажрыйбасын изилдөө жана колдонуу максатында кызматташууну ишке ашыруу;

— ресурстук борборду түзүү жана аны Сот адилеттигинин жогорку мектебине жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл юридикалык жана башка адабияттар менен дайыма толтуруу;

— басып чыгаруу ишмердигин жүргүзүү;

— судьялардын сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн жана системалуулугун камсыздоо максатында мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке мекемелер менен байланыш түзүү жана өнүктүрүү;

— сот-укуктук реформа тармагында эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу;

— билим берүү процессинин тутумун өркүндөтүү, ага жаңы билим берүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү;

— Сот адилеттигинин жогорку мектебине жүктөлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.