KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Тарыхы

16 октября 2017

 


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин түзүлүү тарыхы



Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) тарыхы 1997-жылдын 5-декабрынан башталат, Кыргыз Республикасынын  Сотторунун судьялар ассоциациясынын  башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын  Сот департаментинин администрациясынын жалпы кеңешмесинде “Судьялардын окуу борбору” мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.


 


Мындай борборду түзүү идеясы мамлекеттик деңгээлде да, УВКБ ООН и ABA/CEELI сыяктуу  эл аралык уюмдар тарабынан да колдоого алынган. Борбордун уюмдаштыруучулары  Кыргыз Республикасынын  Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын  Судьялар ассоциациясы болгон.


Өлкөбүз көз карандысыз мамлекет болгон күндөн баштап  сот тутуму маанилүү өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча иш жанданды.


Судьялар тарабынан иштерди кароонун сапатын жогорулатуу жана ченемдик укуктук  актыларды квалификациялуу колдонууга багытталган  милдеттерди чечүү үчүн 1998-жылдын 25-февралында судьяларды, сот аппараттарынын жана Сот департаментинин  кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруучу,  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине  караштуу Сот департаментинин (мындан ары – Сот департаменти) ведомстволук бөлүмчөсү катары Судьялардын окуу борбору түзүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-августундагы №423 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу сот департаменти жөнүндө” Жобого ылайык, Сот департаменти Кыргыз Республикасынын   сот органдарын  каржы-материалдык  камсыздандыруу боюнча аткаруучу – тескөөчү  функцияны ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмчөсү  болгон.


 


Мындай абал сот бийлигин  Юстиция министрлиги кирген тутум — мамлекеттик  бийликтин аткаруучу бутагына түздөн — түз  көз каранды кылган. Бул абал  Кыргыз Республикасынын  Конституциясына, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруучу жана сот бутактарына бөлүнүү конституциялык принциптерине  карама каршы келгени талашсыз эле.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги №143 “Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жана финансылык жактан талаптагыдай камсыз кылуу жана сот актыларын аткаруу, судьяларды окутуунун жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун бирдиктүү тутумун  түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылган жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти болуп  кайра түзүлүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилген, ал эми Кыргыз Республикасынын Судьяларын окутуу борбору Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин карамагынан чыгарылып  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борборуна  (мындан ары – Судьялардын окуу борбору)  кайра  түзүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилген.


Судьялардын окуу борбору түзүлгөн учурдан баштап, тактап айтканда 1998-жылдан баштап Москва көчөсү, 201 дареги боюнча  имаратта жайгашкан. Сот адилеттигинин жогорку мектеби толук кандуу иштөөсү үчүн 2016-жылы Бишкек шаары, Табышалиева көчөсү,15 дареги боюнча жайгашкан кошумча жаңы окуу имарат бөлүнүп берилген.


Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2012-жылдын 8-августунун ПЖ №147 “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын  жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы №4267-V токтому менен бекитилген “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын  сот тутумун  өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы менен башкы максаттар, милдеттер жана сот тутумун  реформалоонун багыттары аныкталган.


Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа  материалдык жана процесстик мыйзамды өркүндөтүүгө, жарандардын конституциялык  укуктары жана эркиндиги сакталган  укуктук мамлекетти түзүү үчүн сот тутумун модернизациялоого багытталган.


Сот кадрларын даярдоодо заманбап тутумду  түзүү, судьялык кадрларды даярдоонун заманбап системасын түзүү, мыйзамды гана эмес, кесиптик этиканын ченемдерин сактаган, сот тутумун  судьялардын жогору квалификациялуу кадрлары жана сот аппараттарынын, Сот департаментинин кызматкерлери менен чыңдоодо камтылган, жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында  2016-жылы  Судьялардын окуу борбору  Сот адилеттигинин жогорку мектеби болуп кайра түзүлгөн.


Сот адилеттигинин жогорку мектеби  Кыргыз Республикасынын   “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын   “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014- жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2017- жылдын 31-январындагы чечиминин негизинде Судьялардын окуу борборунун укук алуучусу жана институционалдык өнүгүүсү болуп саналат.


Бүгүнкү күндө Сот адилеттигинин жогорку мектеби мамлекеттик мекеме болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын судьяларынын, соттордун аппараттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутууну ишке ашырат.


Лекторлор катары учурда иштеп жаткан судьялардын ичинен  жогорку кесипкөй  окутуучулар чыгышат.  Мындан сырткары, судьяларды окутуу үчүн  отставкадагы судьялар, экс-судьялар жана тартылган лекторлор да ишке тартылышат.


10 бирдиктен турган Сот адилеттигинин жогорку мектебинин штаттык саны, 2017-жылы 25 бирдикке чейин көбөйтүлдү. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин түзүмүнө 10 бирдик санында окутуучулар курамы киргизилди, алар туруктуу негизде иштешет.


Сот адилеттигинин жогорку мектебине жүктөлгөн  милдеттерди жана функцияларды  натыйжалуу жана толук кандуу  ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын  судьяларынын, соттордун аппараттарынын  кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу маселелери боюнча  башка ушуга окшош  уюмдар, Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен   тыгыз кызматташат.