KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Судьясынын абийир кодекси

23 октября 2017







Кыргыз Республикасынын судьяларынын

2016-жылдын 19-февралындагы

X Курултайында

бекитилген



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУДЬЯСЫНЫН АБИЙИР КОДЕКСИ


Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, компетенттүү көз карандысыз сот тарабынан сот адилеттигин тийиштүү түрдө жүргүзүү, коомдун сотко болгон ишенимин бекемдөө судьялардын сот этикасынын нормаларын милдеттүү түрдө сакташын талап кылат.


Кыргыз Республикасынын судьялары сот акыйкатын жүргүзгөн адамдын ыймандуулугун жогору тутуп, ушул Кодексти абийирдүүлүк менен кабыл алып жатып, андагы бекитилген жүрүм-турум этикасын өз ишмердигинде жана жеке турмушунда аткарууга милдеттенишет.


Кыргыз Республикасынын судьялык этика Кодекси сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо максатында судьялардан жеке кадырын сактоону, өз аброюн сезе билүүнү, сот бийлигинин беделине шек келтире турган жана сот акыйкаттыгын жүргүзүүдө соттун калыстыгына, ишбилгисине, адилеттүүлүгүнө күмөн санай турган нерселерден алыс болууну талап кылат.


1-бөлүм. Жалпы жоболор


1-берене. Бул Кодексти колдонуу чөйрөсү


Судьянын абийир кодекси Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, судьялардын этикалуу жүрүм-турумунун жалпыга белгилүү принциптерине жана эл аралык стандарттарына, анын ичинде судьялардын жүрүм-турумунун Бангалор принциптерине негизделген.


Бул Кодекс, сот коомчулугунун актысы болуу менен, Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан ар бир судьясы үчүн, ошондой эле алардын статусуна ылайык отставкадагы судьялары үчүн милдеттүү кесиптик жана кызматтан тышкары ишиндеги судьянын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарын белгилейт.


2-берене. Судьянын этикалуу жүрүм-турумдун стандарттарын сактоо милдети


Өзүнүн кесиптик жана соттон тышкары ишинде, ошондой эле жеке жашоосунда судья Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, бул Кодексте камтылган этикалуу жүрүм-турумдун жалпыга белгилүү эл аралык принциптерин жана стандарттарын, адеп-ахлактын жалпы кабыл алынган нормаларын сактоого, коомдо соттун адилеттигине, калыстыгына жана көз карандысыздыгына болгон ишенимди бекемдөөгө милдеттүү.


3-берене. Судьянын кесиптик ишмердиги


Судьянын негизги милдети сот адилеттигин жүргүзүү болуп саналат. Кызматта болгон бардык мезгил ичинде судья анын көз карандысыздыгынан жана калыстыгынан шек туудура турган жана кызыкчылыктардын жаңжалына алып келе турган эч кандай башка ишмердикти ишке ашырбашы керек.


4-берене. Судьянын жүрүм-турумунун негизги принциптери


Судьянын жүрүм-турумунун негизги принциптери: көз карандысыздык, калыстык жана объективдүүлүк, чынчылдык жана сатылбастык, этикалык нормаларды сактоо, теңчилик, ыйгарым укуктуулук жана аракетчилдик принциптери болуп саналат.


Көз карандысыздык — судья көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш иет.


Калыстык жана объективдүүлүк — судьянын сот адилеттигин жүргүзүүдө кандайдыр-бир артыкчылыктардан, ишенимдерден же күн мурун чыгарылган чечимдерден эркин болушу, иштин бардык жагдайларын толук жана ар тараптуу аныктоо жана аларды объективдүү баалоо.


Чынчылдык жана сатылбастык — судьянын милдеттерин сот адилеттигинин кызыкчылыктарында гана аткаруусу, сот адилеттигин жүргүзүүдө жана кызматтан тышкары ишмердикте чынчыл боло алуусу, пара сунуш кылууда каршы тура алуусу жана сатып алууга аракеттер болгондо өзүнүн милдетине чыккынчылык кылбоо.


Этикалык нормаларды сактоо — судьянын соттун жогорку статусуна коюлуучу моралдык-этикалык талаптарды сакташы, судьянын жүрүм-турумда соттун жүрүм-турумунун этикалык стандарттарына ылайык келүүчү чектөөлөрдү өзүнө ыктыярдуу кабыл алышы.


Теңчилик — судьянын бардык тараптар үчүн тең мамиле кылууну камсыз кылуусу.


Ыйгарым укуктуулук жана аракетчилдик — судьянын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттерин жогорку кесиптик деңгээлде ак ниет аткаруусу, тартиптүүлүк, кесиптик билимдерин жана шыктарын дайыма өркүндөтүп туруу.


2-бөлүм. Кесиптик ишмердикте иштөөдө судьянын жүрүм-турумунун стандарттары


5-берене. Судьянын көз карандысыздык принцибин сактоо боюнча милдеттери


Судья сот адилеттигин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо сот ишмердигинин негизги милдети болуп саналарын негиз кылып алышы керек. Судья өзүнүн кесиптик ишмердигине ким тараптан болбосун да мыйзамсыз таасир этишине, басым көрсөтүшүнө, кийлигишүүсүнө каршы турууга милдеттүү.


Судья жалпысынан карата жана ал карап жаткан соттук иштин тараптарына карата көз карандысыз позицияда болот. Коомдук пикир, судьянын ишмердигин, анын ичинде массалык маалымат каражаттарында сындоо ал кабыл алчу чечимдердин мыйзамдуулугуна, негиздүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө таасир этпеши керек.


Соттун төрагасына жана соттун төрагасынын орун басарына, жогоруда турган соттун судьяларына сот адилеттигин жүргүзүү боюнча соттордун көз карандысыздыгын чектеген аракеттерге жол берүүгө, сот адилеттигин жүргүзүү боюнча алардын ишмердигине таасир этүү максатында сотторго басым жасоого тыюу салынат.


Судья чыгарылуучу чечимге таасир этүү максатында судьяга таасир этүүнүн, ага түздөн-түз же кыйыр түрдө басым көрсөтүүнүн кандай болбосун аракеттери тууралуу Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешине, укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү.


6-берене. Судьянын калыстык жана объективдүүлүк принцибин сактоо боюнча милдеттери


Судья калыс жана объективдүү болууга милдеттүү. Милдеттерин аткарууда судья кандайдыр-бир артыкчылыктардан, ишенимдерден же күн мурун чыгарылган чечимдерден эркин.


Судья өзүнүн абалын жана өзүнүн статусун жеке максаттарда жана мыйзамга карама-каршы кимдин болбосун таламдарын артыкчылыктуу канааттандыруу үчүн колдонууга укугу жок.


Судьянын жүрүм-туруму коомдун, соттук процесстин тараптарынын судьянын жана соттордун объективдүүлүгүнө жана калыстыгына болгон ишенимди сактоого жана аны өстүрүүгө жардам бериши керек.


Судья иштин корутундусуна кандайдыр-бир жол менен таасир эте турган же соттук иштин калыс жана объективдүү кароодон күмөн туудура турган кандай болбосун комментарийлерди бербейт.


7-берене. Судьянын чынчылдык жана сатылбастык принцибин сактоо боюнча милдеттери


Судьянын жүрүм-туруму кынтыксыз болууга тийиш.


Судья эгер бул анын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу болсо кандай болбосун белектерди, каалаган түрдөгү жардамды талап кылууга же кабыл алууга укуктуу эмес.


Судья үй-бүлөлүк, туугандык, топтук же башка мамилелерге судьянын жүрүм-турумуна таасир этишине жана соттук чечимдерди кабыл алышына таасир этишине мүмкүндүк бербеши керек.


Судья айлык акыдан жана педагогикалык, чыгармачылык же илимий ишмердик үчүн алган акыдан тышкары башка сый акы ала албайт.


Судья анын кесиптик ишмердигиндеги коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча бардык акыркы жана андан көз каранды болгон чараларды кабыл алууга милдеттүү.


Судья өз убагында, мыйзамдарга ылайык кирешелер тууралуу декларацияны тапшырышы керек.


8-берене. Судьянын теңчилик принцибин сактоо боюнча милдеттери


Судья өзүнүн милдеттерин аткарууда соттук иштин бардык тараптарына тең мамиле кылат, мыйзамга ылайык алардын таламдарын эске алат.


Судья сот аппаратынын кызматкерлерине карата айырмалуу мамилеге жол бербеши керек.


Судья жарандар менен баарлашууда сылыктыкты көрсөтүүгө, элдердин адеп-ахлактык каада-салттарына сый мамиле кылууга тийиш.


Судья өз милдеттерин аткарууда өзүнүн диний таандыгын көрсөтпөшү керек.


9-берене. Судьянын ыйгарым укуктуулук жана аракетчилдик принцибин сактоо боюнча милдеттери


Судья өзүнүн кесиптик милдеттерин ак ниет, акыл калчап, адилеттүү, жогорку кесиптик деңгээлде жана жетиштүү тездикте аткарышы керек.


Судья сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өз милдеттерин аткаруудан баш тартууга, иштерди кароодо создуктурууларга жол берүүгө укугу жок.


Судья иштерди жана материалдарды сапаттуу кароо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө, кабыл алынган соттук актыларды өз убагында түзүүгө милдеттүү.


Судья өзүнүн кесиптик квалификациясын дайыма жогорулатып турууга, билимдерин сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттерди аткаруу үчүн керектүү жогорку деңгээлде сактоого милдеттүү.


Судья сот процессин алып баруунун белгиленген эрежелерин кыйшаюусуз сактоого жана процесстин катышуучуларынан, залда катышып жаткан башка адамдардан тийиштүү жүрүм-турумду талап кылууга милдеттүү.


Судья сот аппаратынын кызматкерлеринен ишке карата ак ниет жана аракетчил мамиле кылууну талап кылууга тийиш.


Судья өзүнүн кесиптик милдеттерин аракетчил аткарууга туура келбеген иштер менен алектенбеши керек.


Судья ар бир адамдын туура мөөнөттөгү адилеттүү соттук териштирүүгө укуктарын камсыз кылууга багытталган чараларды кабыл алууга тийиш.


Соттун төрагасы, соттун төрагасынын орун басары өзүнүн кесиптик ишмердигинде сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өзүнүн милдеттерин гана аткарбастан, ага жүктөлгөн административдик ыйгарым укуктарды ак ниет аткарууга, башка судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерди аткаруу натыйжасын жогорулатууга жардам берүүгө тийиш.


10-берене. Судьянын этикалык нормаларды сактоо боюнча милдеттери


Судья этикалык нормаларды сактоого милдеттүү, жаманатты кылуучу аракеттерди жасоого, ошондой эле анын кызматына байланыштуу кандай болбосун аракеттерди ишке ашырууда жосунсуз жүрүм-турумдун көрүнүштөрүнө жол берүүгө укугу жок.


Судья соттук териштирүүнүн катышуучуларына карата, ошондой эле өзүнүн кесиптештерине жана сот аппаратынын кызматкерлерине карата сабырдуу, сылык-сыпаа, адептүү жана сыйлуу болууга тийиш.


Судьянын сот процессинен тышкары сот процессинин катышуучуларынын жүрүм-турумун баалоого тийиштүү элдин алдында өз оюн айтууга жана алардын көрсөтмөлөрүнө комментарий берүүгө укугу жок.


Судьянын соттук акт чыгарылганга чейин иш боюнча өз оюн айтууга, мыйзамдык күчкө кирген соттук актылардан элдин алдында шек саноого укугу жок. Кесиптештеринин чечимдерин талкуулоодо судья токтоолукту жана сыпайылыкты көрсөтүшү керек.


Судья өзүнүн милдеттерин аткарууда алынган маалыматты сактоого жана өзүнүн жеке максаттарында колдонбоого, кеңешүүчү бөлмөнүн сырын сактоого милдеттүү.


Судьяга сот аппаратынын кызматкерлерин мыйзамга каршы жана этикалуу эмес аракеттерди жасоого мажбур кылууга тыюу салынат.


Судья кызыкчылыктардын жаңжалына алып келген ишти кароого, жагдайларга катышпашы керек.


11-берене. Судьянын коомдук милдеттерди аткарууда жүрүм-турумдун этикалык стандарттарын сактоо боюнча милдеттери


Судья Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинде, мыйзамдар менен каралган башка органдарда коомдук милдеттерин аткарууда Кодекстин ушул бөлүмүндө каралган жүрүм-турумдун этикалык стандарттарын сактоого милдеттүү.


3-бөлүм. Кызматтан тышкары ишмердикте судьянын жүрүм-турумунун стандарттары


12-берене. Кызматтан тышкары иште судьяга коюлуучу жалпы талаптар


Судьянын кызматтан тышкары ишмердиги анын ак ниеттигинен жана чынчылдыгынан шек туудурбашы керек.


Жумуштан тышкары судьянын жүрүм-туруму судьянын кадыр-баркынын кынтыксыз экенинен күмөн туудурбашы керек. Судья өзүнүн жеке, ошондой эле коомдук турмушунда жүрүм-турумдун жогорку стандарттарын сактоого тийиш.


Судья кадыр-баркына зыян келтире турган, анын ар-намысына тие турган кандай болбосун жеке байланыштарды түзбөшү керек.


13-берене. Судьянын статусуна байланыштуу чектөөлөр


Судья соттун кызматындагы ишти окутуучулук, илимий жана башка чыгармачыл ишмердиктен тышкары башка төлөнүүчү иш менен айкалыштырууга укугу жок.


Ошол эле учурда сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттерди аткаруу судья үчүн анын башка ишмердиги алдында артыкчылыктуу мааниге ээ болушу керек.


Судьянын «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен тыюу салынган ишмердикти жана аракеттерди жүргүзүүгө укугу жок.


Судьянын саясий ишмердикке катышууга, кайсы партия болбосун колдоп же каршы кандай болбосун саясий ишмердикти жүргүзүүгө укугу жок.


Судья анын калыстыгынан шек туудура турган жана судьянын статусун пайдаланууну караштырган келишимдерди жана ишкердик байланыштарды түзүүгө укуктуу эмес.


Судья сот өндүрүшүндөгү иштердин негизи боюнча алар боюнча кабыл алынган соттук актылар мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эл алдындагы же башка комментарийлерди бербеши керек.


Судьянын мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардан шек саноого жана өзүнүн кесиптештеринин кесиптик иш-аракеттерин сындоого укугу жок.


14-берене. Биригүүгө, ой жана сөз эркиндигине болгон укукту ишке ашырууда судьянын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү


Судья өзүнүн кызыкчылыктарын жана сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо, соттордун статусун өркүндөтүү, кесиптик даярдык, сот ишмердигин сактоо үчүн соттордун ассоциацияларын жана башка кесиптик уюмдарды түзүү эркиндигине жана аларга кирүү укугуна ээ.


Судья өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө, эл алдындагы талкууларга катышууга укуктуу. Ошол эле учурда судья сот адилеттигинин кызыкчылыктарына зыян келтире турган эл алдындагы билдирүүлөрдөн жана эскертүүлөрдөн өзүн-өзү токтотушу керек.


15-берене. Судьянын массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттешүүсүнүн жүрүм-турум эрежелери


Судья массалык маалымат каражаттарына соттун өз алдынча башкаруу органдарына же соттун басма сөз кызматынын ишин колдоо катары судьялардын жана соттун ишмердиги боюнча кесиптик баяндоосуна катышат.


Судья соттун иши боюнча массалык маалымат каражаттарына маалымдоо учурунда, ушул Кодексте белгиленген этикалык жүрүм-турум ченемдерин сакташ керек, ошондой эле туура жана акылдуу болушу керек.


Судья керектүү учурларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары боюнча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.


4-бөлүм. Ушул кодекстин талаптарын бузгандыгы үчүн судьянын жоопкерчилиги


16-берене. Судьянын тартиптик жоопкерчилиги


Ушул Кодекстин талаптарын бузуу тартиптик жосун болуп эсептелет. Тартиптик жосун жасагандыгы үчүн судья «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.


Тартиптик жосун — бул судьянын аракети же аракетсиздиги, ал кылмыштуу деп саналбаса да, «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына, ушул Кодекстин жоболоруна туура келбейт жана судьянын жогорку наамына шайкеш келбейт.


Тартиптик жосунун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу кийинки тартиптик жаза чараларынын бирин колдонууга алып келет: эскертүү, сөгүш түрүндөгү тартип жазасы, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.


Судьянын тартиптик жоопкерчилигинин чарасы тууралуу маселени чечүүдө жасалган жосундун бардык жагдайлары, анын оордугу жана сот бийлигинин кадыр-баркына жана судьянын наамына келтирилген зыян эске алынат.


17-берене. Судьянын кылмыш жана административдик жоопкерчилиги


Судья соттун жогорку наамына туура келбеген жана кылмыштын курамын же административдик укук бузууну түзүүчү аракетти же аракетсиздикти жасаган учурда судья мыйзам менен белгиленген тартипте кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылат.


5-бөлүм. Ушул кодекстин күчүнө кирүүсү


18-берене. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу


Ушул Кодекске өзгөртүүлөр Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунун же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Соттор курултайы менен кабыл алынышы мүмкүн.


Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Соттор курултайынын чечими ошол жерде чогулган жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.


19-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кирүүсү


Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Соттор курултайы бекиткен күндөн баштап күчүнө кирет.


Ушул Кодекстин кабыл алынышы менен 2006-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Сотторунун V курултайы кабыл алган Судьянын абийир кодекси күчүн жоготот.


 


«КР Жогорку сотунун бюллетени» № 1 (62), 2016