KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лекторлору жана кызматкерлери Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Ардак грамотасы менен сыйланды

30 августа 2024

2024-жылдын 31-августуна Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби салтанаттуу иш-чара өткөрүп, анын жүрүшүндө соттордун жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөткөндүгү жана үзүрлүү кызматташтыгы үчүн төмөндөгү лекторлор сыйланышты:


— Эгембердиев Талантбек Мураталиевич – ораторлук чеберчилик боюнча тренер, философия илимдеринин кандидаты;


— Токомбаева Айсулу Тарасовна – Кыргыз-Россия Славян университетинин кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты, милициянын отставкадагы полковниги;


— Саргалдакова Жениш Зарлыковна – Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты.


Ошондой эле көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ардак грамотасы менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин төмөндөгү кызматкерлери сыйланды:


— Айсаев Максатбек Анарбаевич – квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси;


— Чоробекова Жыпара Чоробековна – квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.