KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн төмөнкү темада семинар өткөрөт: "Медициналык мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш"

02 апреля 2021

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку сот адилеттигинин мектебинин окуу залында «Медициналык мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча өндүрүш» деген темада Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бир күндүк семинар өтүүдө…


Бул семинардын лектору болуп Джаналиев Б.Б. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы сүйлөйт.


Бул семинардын максаты — угуучулар менен медициналык мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча процесстерди жөнгө салуучу өзгөчөлүктөрдү жана укуктук базаны карап чыгуу.



  1. Угуучуларды сотко чейинки процесстин жүрүшүндө жол берилген укук бузууларды аныктоо, ошондой эле ушул иштердин категориялары боюнча өндүрүштү туура жүргүзүү көндүмдөрүн үйрөтүү.

  2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түшүнүгүн жана түрлөрүн, мындай учурларда сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн эрежелерин угуучулар менен талдоо.


Семинардын аягында угуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылат.