KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар

11 июля 2024

11-12-июлда Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Атайын тергөө аракеттери. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн шарттары жана негиздери», «Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар», «Кыргыз Республикасынын КЖПКсы боюнча жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо», «Юридикалык терминология, кылмыш-жаза иштери боюнча кыргыз тилиндеги документтер» темаларга семинар өтүүдө.


Семинардын лекторлору: Эсенбаев Нурлан Бердибекович – Ош шаардык сотунун судьясы.


Джээнбекова Аида Бекеновна – Чүй облустук Административдик сотунун судьясы.


Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Бул семинардын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:


— «Кыргыз Республикасынын КЖПКсы боюнча жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо» темасы боюнча: — жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо маселелерин кароо жана түшүнүктөрүн, негиздерин жана мөөнөттөрүн аныктоо. Жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча өтүнүчтөрдү ар кандай сот инстанциялары тарабынан кабыл алынышын эске алуу менен кайсы сот кароого укуктуу экендигин аныктай билүү. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу жактардын тизмесин, ошондой эле жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартибин билүүгө.


— «Юридикалык терминология, кылмыш-жаза иштери боюнча кыргыз тилиндеги документтер» темасы боюнча — судьяларды соттук отурумду өткөрүүдө, процессуалдык документтерди түзүүдө жана жазууда кыргыз юридикалык терминдерин туура колдонууга жана ченемдик укуктук нормалардын кайсы булактарына жана атайын адабияттарга шилтеме жасоо керектигин үйрөтүү.


— «Атайын тергөө аракеттери. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн шарттары жана негиздери» темасы боюнча атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн негизги жоболорун жана механизмин, анын ичинде тергөө судьялары тарабынан атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөрдү кароонун тартибин кароо.


Семинардын угуучуларына көрсөтүлгөн категориядагы иштерди кароонун жана алар боюнча соттук актыларды жана башка процесстик документтерди мыйзамдуу кабыл алуунун зарыл көндүмдөрүнө үйрөтүү.