2024-жылдын 18-19 апрелинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өтүүдө, темалары: «Чет өлкөлүк соттордун, эл аралык соттордун, бейтарап арбитраждардын жана бейтарап соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш», «Чет элдик элемент катышкан талаш-тартыштарды чечүү».
Семинар «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программасынын колдоосу менен өтүп жатат.
Семинардын лекторлору:
Майчиев Шамарал Юсупович- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги.
Давлетбаева Мадина Акремовна-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.
Айтбаева Индира Мукашевна-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.
Семинарда угуучулар төмөнкү маселелерди карап чыгышат:
-Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор: мыйзамдык база, ишмердик, компетенция, чечимдерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү.
-Чет өлкөлүк соттордун, эл аралык соттордун, арбитраждык соттордун жана арбитраждык соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу.
-Бейтарап соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш.
-Жарандык иштер боюнча укуктук мамилелердин субъекти катары чет өлкөлүк элемент.
-Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик укуктук жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү.
-Чет өлкөлүк юридикалык жактын жана эл аралык уюмдун жарандык процесстик укук жөндөмдүүлүгү.
-Иммунитеттин юрисдикциялык жана башка түрлөрү.
-Чет өлкөлүк жактардын катышуусу менен жарандык жана экономикалык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун жалпы компетенциясы.
-Өзгөчө компетенттүүлүк. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштердин сотко караштуулугу.
Семинар аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.